KELECHEK
rek

Азимжан Аскаровдун жубайы БУУнун комитетине кайрылды

Азимжан Аскаровдун жубайы БУУнун комитетине кайрылды

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоо маселелери боюнча комитетине кайрылды. Өткөн аптада ал комитеттин Женевада өткөн сессиясына катышып сөз сүйлөдү.

Аскарова: “Ал кандуу окуялардан бери сегиз жыл өттү. Баарын эмоциясыз жана калыс карап чыгууга жетиштүү мезгил болду. Каталарды моюнга алып, оңдоого убакыт келип жетти. Баарыңардан менин күйөөмдүн жана ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча катаал жазага туш болгон ондогон башка адамдардын иши боюнча акыйкатты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү суранам”, - деди.

Бир ай мурда Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Аскаровдун жана аны менен кошо соттолгон жети адамдын ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган, мүмкүн болсо Аскаровго мунапыс беришин өтүнгөн.

Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53