KELECHEK

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн сумманын 69  млн. 34 миң 900 сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат.

Анын 67 млн. 309 миң 500 сом Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, ал эми 68 млн. 100 миң сом Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга багытталат.

Аталган буйрук Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы «Секторду реформалоого келишим – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» программасы боюнча 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  00:45

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

Жалал-Абад шаарында курулуш тармагында капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү улам артып баратат....

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:42

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары өткөн тогуз ай ичинде чыгарылган продукциянын көлөмүн эки...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:51

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу...

ЭКОНОМИКА 2018-10-11  02:28

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов...

ЭКОНОМИКА 2018-10-08  01:06

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө...

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө...

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө...

ЭКОНОМИКА 2018-10-05  17:09

Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курууну пландоодо

ЭКОНОМИКА 2018-09-21  12:19