KELECHEK
rek

Ташкент түркмөн президентин «жандуу коридор» менен тосуп алды

Ташкент түркмөн президентин «жандуу коридор» менен тосуп алды

Өзбекстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик желектери

Дүйшөмбү эртең менен Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов барды. Ташкенттеги айрым жогорку окуу жайлардын студенттери жакындагы тыюуга карабастан, бийлик жогорку даражадагы мейманды тосуп алууга аларды мажбурлап көчөгө чыгарганын билдиришүүдө.

Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин студенттери кабарлашкандай, 23-мартта окуу жайдын жетекчилиги сабактарды токтотуп, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду тосуп алуу үчүн студенттерди көчөнүн эки тарабына тизилип турууга мажбурлаган.

«Президент 2-3 күн мурда эле мындан ары студенттерди түрдүү иш-чараларга пайдалануу токтотуларын билдирген. Бирок бүгүн болгон окуя ал билдирүүлөргө каршы келүүдө», — деди студенттердин бири.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Дүйнөлүк тилдердин өзбек мамлекеттик университети менен Улуттук көркөм сүрөт институтунун студенттери дагы колдоруна эки өлкөнүн желектерин кармап, түркмөн президентин тосуп алышкан. Кийин белгилүү болгондой, иш-чара аяктагандан кийин кураторлордун бири келбеген студенттерди декандын атына түшүнүк кат жазууга мажбурлаган.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 23-апрелде мамлекеттик сапары менен барган.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Мирзиёев Өзбекстандын ТАПИ (Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия) газ түтүгүн куруу долбооруна катышуу ниети бар экенин билдирди.

Мурдараак «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстан президентине ТАПИ газ куурунун курулушуна материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылууга ниеттенип жатканын кабарлашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13