KELECHEK

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы КР Презинденти тарабынан КР Башкы прокурору кызмат ордуна сунушталган Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Өткүрбек Жамшитов талапкерлиги Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында карала турганын, ошондон улам талапкер менен кеӊири ой-пикир алышуу максатында, көпчүлүк коалициясынын бул жыйыны шашылыш чакырылганын белгиледи.

Депутаттар Башкы прокуратуранын башкы милдети өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу экенин, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын тескей турганын талапкердин эсине салып, башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө, ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга тийиш экенин белгилешти.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү прокуратура органдарын жалпы эле кылмыштуулукка, анын ичинде коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды. Өткүрбек Жамшитов кандай кырдаал болбосун жасалган кылмышты көз жаздымда калтырбай, мыйзам алкагында тийиштүү чараларды көрүүгө, бул багытта депутаттар менен биргелешип иштешүүгө убада берди.

Талапкердин көӊүлүн экономикалык кылмыштардын өсүп баратканына бурган депутат Рыскелди Момбеков «өзара соодалашуу» жолу менен токтоп калган кылмыш иштерин кайра жандандыруу зарылдыгын белгиледи. «Талас аркылуу ун, күйүүчү май, жер семирткич сындуу контрабандалык товарлар агылып кирүүдө, бирок тийиштүү чаралар көрүлбөйт, кылмыш иши козголбойт», - деди ал.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров акыркы мезгилде мамлекеттик органдар менен прокуратура органдарында ири өлчөмдөгү пара менен кармалган кызматкерлер арбып баратканын, аларды мурдагы өкмөт башчысы менен башкы прокурордун командасындагы адамдардан арылтуу зарылдыгын белгиледи.

Талапкер башкы прокурорлукка дайындалып калса, коррупцияга каршы күрөштү дароо баштап, 10-15 күн аралыгында Коопсуздук кеӊешинин талаптарын аткаруу боюнча координациялык жыйын өткөрүп, күрөштүн негизги багыттарын аныктай турганын, ошого жараша алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган, 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Белгилей кетсек, үч жылдан ашык иштеген мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеӊештин макулдугу менен 2018-жылдын 13-апрелинде мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан Данияр Үсөнов боюнча Беларуска нота жөнөттү

Кыргызстан Данияр Үсөнов боюнча Беларуска нота жөнөттү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн...

CАЯСАТ 2018-07-30  15:12

Жылкыбаев Узарбек Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Жылкыбаев Узарбек Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Жылкыбаев Узарбек Казиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош...

CАЯСАТ 2018-07-26  11:01

Орусияда эне тилдер тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл...

Орусияда эне тилдер тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл...

Орусия Мамлекеттик думасынын имараты

25-июлда Орусиянын Мамлекеттик думасы эне тилдерди окутуу...

CАЯСАТ 2018-07-26  12:45

Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары Чолпон-Атада жолугушту

Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары Чолпон-Атада жолугушту

Өткөн ишембиде Чолпон-Ата шаарында Тажикстан жана Кыргызстан тышкы иштер...

CАЯСАТ 2018-07-24  11:38

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш...

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш...

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы...

CАЯСАТ 2018-07-20  18:26

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча...

CАЯСАТ 2018-07-18  16:09

Каспий саммити 12-августта Актау шаарында өтөт

Каспий саммити 12-августта Актау шаарында өтөт

Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан беш...

CАЯСАТ 2018-07-18  18:03