KELECHEK
rek

Жогорку Кеӊеш жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын бекитти

Жогорку Кеӊеш жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын бекитти

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын бекитти. Ал ачык электрондук добуш аркылуу депутаттардын колдоосуна ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаӊы Өкмөткө зор ишеним көрсөтүп жатканы үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, мындан ары өлкөнүн өнүгүшү жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊы өкмөт башчысы менен өкмөт мүчөлөрүн эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Ал эми Өкмөттүн жаӊы түзүмү менен курамы төмөнкүдөй түзүлдү:

- өкмөт башчы – Мухаммедкалый Абылгазиев;
- биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;
- вице-премьер-министр – Жениш Разаков;
- вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;
- вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;
- финансы министри – Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
- экономика министри – Олег Панкратов;
- транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
- айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
- юстиция министри – Айнур Абдылдаева;
- билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
- маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов;
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайкүл Исакунова;
- ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев;
- саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;
- өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мирзахмедов;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Идрис Кадыркулов;
- Энергетика, өндүрүш жана кен пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы – Уланбек Рыскулов;
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;
- Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Эрлис Тердикбаев;
- Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр – Мурат Мукамбетов.

"Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш кечээ, 19-апрелде  Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим чыгарып, ошол эле күнү Президент Өкмөттү отставкага кетирген. Ошондон улам, Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралды", - деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12