KELECHEK
rek

Иракта ИМ тобуна мүчө болгон эки орусиялык аял өмүр бою кесилди

Иракта ИМ тобуна мүчө болгон эки орусиялык аял өмүр бою кесилди

Ирактын Багдад шаардык соту орусиялык эки аялды «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгондугу үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. 17-апрелде соттолгон аялдар дагестандыктар болгону кабарланууда.

Былтыр декабрда Ирак бийлиги бир канча убакыт өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турган «Ислам мамлекети» тобунун үстүнөн жеңишке жеткенин билдирген. Ирактын антитеррористтик мыйзамдары ИМ тобуна жардам берген адамдарга карата айыптоо өкүмүн чыгарууга уруксат берет.

Маалыматтарга караганда, Ирак бийлиги ИМ менен байланышы болгон деп шектелген 1000ге жакын аялды кармап турат. Алардын көбү - Түркиядан жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн баргандар. Кыз-келиндердин айрымдарын өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартылганы айтылып жаткан кыргызстандык тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

17-апрелде Орусиянын «РИА Новости» агенттиги Ирактын Al-Sumaria телеканалына таянып, Багдадда чет өлкөлүк жарандар өлүм жазасына тартылганын жазган. Алардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар экени айтылган.

- Өлүм жазасына тартылган 7 чет өлкөлүктүн арасында Кыргызстандын жараны бар деп кабарланууда. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу бул маалыматты тактоого аракет кылып жатабыз. Маалымат аларыбыз менен кабарлайбыз, - деди Кулукеева.

Март айынын башында да «РИА Новости» агенттиги Иракта кыргызстандык үч аял террорчулук боюнча шектүү катары камалып жатканын кабарлаган. Алардын аттары Асел Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова экени, келиндер балдары менен жатканы айтылган. Аялдар террорчулук жана Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузуу боюнча айыпталып жатканы, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирак мамлекетине жана эл аралык «Кызыл чырым» комитетине кайрылган. Азырынча ал жактан маалымат келген-келбегени белгисиз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...