Укук коргоочу экс-президенттердин кол тийбестигин алууну талап кылды
«Прецедент» юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага экс-президенттердин кол тийбестик укугун алууну талап кылган арыз берди. Бул тууралуу Токтакунов өзү «Азаттыкка» билдирди.
Юрист соттон «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамындагы экс-президенттин кол тийбестик иммунитети Баш мыйзамга каршы келет деп таанышын талап кылат. Анын пикиринде, мыйзамга ылайык «экс-президент мамлекетти башкарып турган учурда жасаган иштерине да, президенттиктен кеткенден кийин өмүрү өткөнчө жасаган иштерине да жооп бербейт» деп каралып калганы туура эмес.
Токтакуновдун айтымында, кол тийбестик саясий куугунтуктар үчүн гана укуктук иммунитет болушу керек, бирок ал кайсы бир кылмыштарды жасоого коргоочу (индульгения) милдетти аткарууга тийиш эмес.
Нурбек Токтакунов экс-президенттердин кол тийбестик укугун алуу маселеси мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кийинки убакта саясий күрөшкө кайра чыга баштаганы үчүн актуалдуу болуп жатканын айтууда.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага мурдагы президенттер Курманбек Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзамга ылайык, экс-президенттерде бир катар жеңилдиктерден сырткары кол тийбестик укугу бар. Башкача айтканда алар президент болуп иштеп турган учурда жана иштен кеткенден кийин жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Мындай укуктарга экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ. Ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге кылмыш жоопкерчилигине байланыштуу мындай статус берилген эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53