ЖАЛАЛ-АБАД: ОКУУЧУЛАР РЭКЕТЧИЛИККЕ КАРШЫ
Мектеп окуучуларынын арасында болуп жаткан рэкетчилик көрүнүштөрүнө каршы канткенде натыйжалуу каршы турууга болот? Албетте, бул ишке ошол окуучулардын өздөрүн катыштыруу аркылуу гана. Ушундай максат менен Жалал-Абад шаарынын жаштар комитети окуучулар арасында рэкетчиликке каршы мазмундагы видео-роликтерге сынак жарыялаган.
Эми анын жйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары даярдаган видео-ролик жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.
Анын айтымында, окуучуларды коомдо болуп жаткан ушундай терс көрүнүштөрдөн өспүрүмдөрдү алыстатуу багытындагы даярдап келген видео-тасмалары калыстар тобунун назарына коюлду.
- Тасмаларда терс көрүнүштөрдүн келип чыгышы, аларды жаап-жашыруунун кесепеттери жана аларга каршы туруу зарылдыгы көрсөтүлдү. Катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор жана акчалай сыйлык каралган. Максатыбыз өспүрүмдөр арасында рекетчиликтин алдын алуу жана аны болтурбоо, - дейт Б.Ташбаев.
Сынакка Жалал-Абад шаарындагы 18 мектеп катышкан. Эми жеңүүчү деп табылган мектеп окуучулары менен биргеликте кылмыштуулукка каршы жаңы тасма тартылып, мектептер арасында коюлмакчы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30