KELECHEK
rek

Жаңы учакка атактуу кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы берилди

Жаңы учакка атактуу кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы берилди

Көчмөндөр оюну учактарда дагы жарнамалана баштады. “Эйр Манас” авиакомпаниясы өз самолётуна көчмөндөр оюнунун эн белгисин койду. Ошондой эле тарых жана маданият жылына карата ушул эле учакка бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы берилди. Учакты бүгүн эле компания Түркиядан алып келишти. 

Көпчүлүктүн көңүлү учуучу тилкеге конгон учакта. Анткени бул көчмөндөр оюнунун эн белгиси коюлган алгачкы самолет. Аны министрлер баш болуп, журналисттер төш болуп тосуп алышты. 

Барынан кызыгы, учакты өрт өчүрүүчү унаалардын жардамы менен жогору көздөй атырылган суунун ортосунан алып өтүштү. Мындай өзгөчө шаң менен самолётту тосуп алуунун дагы бир себеби - учакка Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы берилген. 

Учак менен 2-3 эле киши келди. Көрсө, алар самолетту атайын Түркиядан кыргыз авиакомпаниясына жеткирип келишкен экен. Албетте, аманатты сынын бузбай жеткиргендерди нан менен тосуп алышты.

“Боинг 737-800” учагына тышкары, дагы башка эки учакка дагы оюндун эн белгиси коюлат. Бул өз кезегинде Кыргызстанга келип-кеткен туристтер үчүн жарнама болчудай.

Дегенибиздин себеби, учактын эшигинин жанына оюндун эн белгиси коюлган. Албетте, самолётко кирип бараткан адам сөзсүз логотипке көңүл бурбай койбойт. 

Авиакомпания Көчмөндөр оюну менен тарых жана мадиният жылын да ширелиштирди. Учакка Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын ыйгарды. 

“Эйр Манастын” мындан башка дагы эки учагы бар. Аларга да тарыхта калган кыргыз аялдарын атын берген. Тагыраак айтканда, бирөө Айчүрөк деп аталса, экинчиси Акмарал. 

Учактын ачкычы расмий түрдө Кыргызстандын унаа жана байланыш министрлигине тапшырылып, министр аны элдин көзүнчө дароо “Эйр Манаска” берди. 

2008-жылы жасалган учакты компания 50 миллион долларга сатып алды.

"ktrk.kg"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13