KELECHEK

Bloomberg: Трамп менен Ким Чен Ын жолугушуу үчүн 9 шаарды караштырышууда

Bloomberg: Трамп менен Ким Чен Ын жолугушуу үчүн 9 шаарды караштырышууда

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Тайланд, Сингапур же Монголия, болбосо Европадагы шаарлардын биринде жолугушуусу ыктымал. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирүүдө.

Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен июндун башына белгиленген жолугушуу үчүн беш шаарды караштырып жатканын айткан. Саясатчылар Түндүк Кореядагы өзөктүк куралды жоюу маселелерин талкуулоого ниеттенишүүдө. Bloomberg булагынын маалыматына караганда, Прага, Варшава, Хельсинки, Стокгольм, Осло же Женева жолугушуу өтүшү ыктымал делген шаарлардын тизмесинде.

Мындан тышкары Трамптын администрациясы кездешүү Улан-Батор, Бангкок же Сингапурда болуп калышы мүмкүн экенин да четке какпайт. Ошол эле маалда Bloomberg сүйлөшүүлөр Түштүк же Түндүк Корея, ошондой эле Кытай аймагында болбой турганы анык экенин жазды.

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуу ниетин мартта билдирген. Америкалык президенттер Түндүк Кореянын лидери менен эч качан жолугушкан эмес. Кездешүүнүн датасы так белгисиз. 18-апрелде ЦРУ директору Майк Помпео Түндүк Кореяда Ким Чен Ын менен жашыруун жолугушканы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятованын сөөгү жерге...

Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятованын сөөгү жерге...

Василя Иноятова.

19-майга караган түнү Ташкентте...

Казакстанда пара берген прокурор 7 жылга соттолду

Казакстанда пара берген прокурор 7 жылга соттолду

Актөбө шаардык соту Башкы прокуратуранын...

Кемероводо «Зимняя вишня» соода борборун бузуу иштери башталды

Кемероводо «Зимняя вишня» соода борборун бузуу иштери башталды

Кемероводо мурдагы «Зимняя вишня» соода борборунун имаратын бузуу иштери башталды. Бул...

Париж: элге кол салган адам полициянын каттоосунда болгон

Париж: элге кол салган адам полициянын каттоосунда болгон

Париждеги кол салуу болгон жер

Ишемби кечинде бычак менен Париждин борборунда адамдарга кол...

Мухтар Аблязов: Казакстандагы митингдерди мен уюштурдум

Мухтар Аблязов: Казакстандагы митингдерди мен уюштурдум

Казакстандык ири ишкер жана банкир, 2009-жылдан бери Европада бозгунда жашап...

Орусияда Навальныйдын 1600дөн ашуун тарапташы кармалды

Орусияда Навальныйдын 1600дөн ашуун тарапташы кармалды

“ОВД-инфо” укук коргоо порталы Орусияда өтүп жаткан “Ал...

БУУнун баш катчысы: «Кансыз согуш кайтып келди»

БУУнун баш катчысы: «Кансыз согуш кайтып келди»

Антонио Гутерреш.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун Коопсуздук...