KELECHEK
rek

Сөз эркиндигин коргоо комитети Атамбаевди журналисттерге карата доосунан баш тартууга чакырды

Сөз эркиндигин коргоо комитети Атамбаевди журналисттерге карата доосунан баш тартууга чакырды

Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевди журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдон үлгү алууга чакырды. Мындай билдирүүнү уюм бүгүн таратты.

Анда Алмазбек Атамбаев тарыхта жана коомдун аң-сезиминде жакшы адам катары калгысы келсе, анда журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова, Дайырбек Орунбековго, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доосунан баш тартышы керектиги жазылган.

17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан. Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы чыккан. Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сотко кайрылып, моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Кийин үч баскычтагы сот тең Сооронбай Жээнбековдун доосун канааттандырган.

Башкы прокуратура былтыр журналисттер Нарын Айыпты, Дина Маслованы жана "Zanoza.kg" сайтын "Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деген негизде сотко берип, жалпысынан 27 миллион сомдук доого жыккан. Сот бул сумманын 15 миллионун сайт, 9 миллионун Нарын Айып жана 3 миллионун Дина Маслова төлөп бериши керек деген чечим кабыл алган. Ушундай эле айыптоо менен «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, «Ата Мекен» партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13