KELECHEK
rek

Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган 15 адамдан үч аял бошотулду

Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган 15 адамдан  үч аял бошотулду

Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Тогоз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган 15 кишинин баш коргоо чарасын карады. Натыйжада үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” тил каты менен бошотуп, калган 12си Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 киши кармалганы 17-апрелде белгилүү болгон. Ушул эле күнү Тогуз-Торонун борборунда жүздөгөн, Бишкекте 50дөн ашуун киши кармалган кишилерди бошотууну жана Макмал кенинде алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылып митингге чыгышкан.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар окуяга тиешеси бар деген беш кишинин аты-жөнүн беришкенин, алар тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, бул иш "резонанс жаратып" жатканы үчүн ИИМдин тергөө кызматына алынган. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53