KELECHEK

Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара менен кармалды

Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кармалганы тууралуу Интернетке тараган маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады:

- Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул иш боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн.

Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган. УКМК бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде сот, укук коргоо жана милициядагы коррупцияны жоюу чечими кабыл алынган.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев буга чейин камакка алынып, соттолгон. Ал Самаковдорго ишти жабуу жөнүндө убада берип, алардан 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Батыровдун мүлкүнө байланыштуу “Элдик” ишканасынын жетекчисине иш...

Батыровдун мүлкүнө байланыштуу “Элдик” ишканасынын жетекчисине иш...

"Элдик" мамлекеттик ишканасы, Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кадыржан...

ИМ тобу Грозныйдагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

ИМ тобу Грозныйдагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

“Ислам мамлекети” террордук тобу Грозныйдагы Архангел Михаил православ...

Өзбекстан жараны жалгыз кызынын мурунку жигитин бычактады

Өзбекстан жараны жалгыз кызынын мурунку жигитин бычактады

Фергана облусунун Фуркат районунун тургуну кызынын мурдагы жигитине бычак менен кол салды. Анын...

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ...

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ...

Бүгүн, 14-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министри...

Таласта жоголгон жылкы үйүрү Казакстандан табылды

Таласта жоголгон жылкы үйүрү Казакстандан табылды

Үч жума мурун Таластын Манас районунун...

Өзбекстанда иштен алынган кызматкер жетекчисине бычак менен кол салды

Өзбекстанда иштен алынган кызматкер жетекчисине бычак менен кол салды

Иллюстрациялык сүрөт

3-майда Мажбурлап аткартуу бюросунун Кашкардарья облусундагы...

Тажикстанда бетон басып калган эки өспүрүм каза болду

Тажикстанда бетон басып калган эки өспүрүм каза болду

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган эки...