KELECHEK
rek

Президент кийинки шайлоого чейин мыйзамдарды өзгөртүүнү тапшырды

Президент кийинки шайлоого чейин мыйзамдарды өзгөртүүнү тапшырды

Сооронбай Жээнбеков жана Нуржан Шайлдабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Президенттик аппарат кабарлагандай, алар өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча иштерди жана жергиликтүү кеңештерге жакында өтө турган шайлоо процесстерин талкуулашты.

Шайлдабекова 13-майга белгиленген жергиликтүү кеңештерди шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал шайлоо дайындалган алты жергиликтүү кеңештин ичинен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине жана Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрүн билдирди.

БШК төрайымы ошондой эле, президентке шайлоо жөнүндө мыйзамды жакшыртуу стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууда аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди. Ал бул боюнча май айында жыйын өтөрүн, андан соң жумуш парламенттик деңгээлде улантыларын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, партиялык системаны бекемдөө боюнча жумушту күчөтүүнү сунуш кылып, парламенттик системаны өнүктүрүүдөгү саясий партиялардын өзгөчө ролун белгиледи.

Мамлекет башчы буга улай келерки шайлоого чейин мыйзамдарга зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилип, алар шайлоонун катышуучуларына мурдатан түшүндүрүлүшү керек экенин айтып өттү. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13