KELECHEK

Өзбекстанда район башчысынын орун басары кол алдындагы кызматкердин мурдун сындырды

Өзбекстанда район башчысынын орун басары кол алдындагы кызматкердин мурдун сындырды

12-апрелде Өзбекстандын Кашкадарья облусундагы Гузар районунун акиминин орун басары Хабиб Азизов жер ресурстары жана нарккаттам бөлүмүнүн адиси Фахриддин Курбановдун мурдун сындырды.

Жабырлануучунун айтымында, бул окуяга бир канча киши күбө болгон.

«12-апрелде аким башчысынын орун басары менен биргеликте Батош айылына барганбыз. Анда ал жер тилкелердин бирин көрсөтүп, кимдики экенин жана ал боюнча кандай чечим бар экенин сурады. Мен азыр жанымда тиешелүү документтер жок, эртең жооп берейин десем бетке уруп жиберди», — деди Фахриддин Курбанов.

Анын айтымында, ал аткаминерге карата эч кандай жаман сөз айткан эмес.

«Сокку абдан катуу болгондуктан көзүм караңгылап, жыгылып калдым. Дароо мурдуман кан акты. Бул окуяга райондун прокурору дагы күбө болгону менен Азизовго карата эч кандай мыйзамдуу чара көргөн жок», — деди Курбанов.

Ал аткаминердин бул аракети боюнча прокуратурага кайрылганын айтты. «Дарыгерлер мурдум сынганын айтышты. Алардын корутундусун алдым, эми прокуратурага көрсөтөм», — деди Курбанов.

Азизовдун өзү журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, телефонун коюп койду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдогондор иш ташташты

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдогондор иш ташташты

Аталган жолду оңдоонун үчүнчү фазасында иштеп жаткандар төрт айдан бери маяна албагандыктан иш...

УКУК 2018-05-24  09:46

Москва Интерпол аркылуу 28 тажик жаранын издөөдө

Москва Интерпол аркылуу 28 тажик жаранын издөөдө

Абдушахид Турсунов

Орусия бийлиги Интерпол аркылуу “Ислам мамлекети” террордук тобуна...

УКУК 2018-05-23  15:39

Тажикстан УКМКсы:

Тажикстан УКМКсы: "Зелло" - террордук топтордун трибунасы

Тажикстан Улуттук коопсуздук комитети террордук жана экстремисттик уюмдар Зелло интернет-рациясы...

УКУК 2018-05-23  18:50

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

Кубанычбек Кулматов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура...

УКУК 2018-05-21  10:17

Ашхабадда карылар үйүнүн жашоочулары ачкалыктан жапа чегүүдө

УКУК 2018-05-21  10:35

Прокуратура ЖЭБ боюнча тергөө объективдүү жүрүп жатат

Прокуратура ЖЭБ боюнча тергөө объективдүү жүрүп жатат

Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон,...

УКУК 2018-05-17  18:42