Мьянма бийлиги рохинжаларды мекенине кайтара баштады
Мьянма өкмөтү коңшулаш Бангладешке жер которгон бозгундардын арасынан алгачкы үй-бүлөнү өлкөгө кайтарганын жарыялады. Алар Мьянма аскерлеринин жана укук коргоо органдарынын катаал репрессиясынан кутулуу үчүн качып кетүүгө аргасыз болушкан.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, бийликтин аёосуз мамилесинен корккон 700 миң рохинжа Мьянмадан Бангладешке качып барган.
Укук коргоочулар Мьянмага кайтып бара турган мусулмандардын коопсуздугу коркунучта экенин, бийлик азыр пропаганда саясаты менен алектенип жатканын айтышууда.
Мьянмада мусулман-рохинжалар 2017-жылдын августунда бул өлкөнүн бийлиги тарабынан катуу репрессияга жана зомбулукка кабылган. Алар Бангладешке качууга аргасыз болгон.
Бириккен Улуттар Уюму мындай аракеттер үчүн Мьянманы айыптап, рохинжаларды кысымга алуу мыкаачылык жагынан этникалык тазалоо катары эсептелерин билдирген. Мьянма бийлиги муну четке кагып, аскерлер куралдуу козголоңчуларга каршы операция жүргүзгөнүн айткан.
Бангладеш менен Мьянма бозгундарды мекенине кайтаруу жараяны башталганын бир нече жолу жарыялаганы менен ишке ашкан эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52