KELECHEK

Ереванда Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акция өтүүдө

Ереванда Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акция өтүүдө

Еревандагы нааразылык акциясынын катышуучулары

Ереванда оппозициянын тарапташтары мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Өлкө парламенти 17-апрелде премьер-министрлик кызматка Саргсянды шайлайт деп күтүлүүдө.

Акциянын уюштуруучусу, «Жарандык келишим» партиясынын лидери Никол Пашинян тарапкерлери менен бирге Еревандын борборундагы бир канча көчөнү тосуп алды. Аларга студенттер дагы кошулду. Маалыматка караганда, буга байланыштуу метро кыймылы 10 мүнөткө токтоп, бир канча көпүрө жабылды.

Армения полициясы активисттердин бардык аракеттери мыйзамсыз экенин жана алар жарандардын эркин жүрүү укуктарын чектеп жатышканын билдирди.

Жүрүшкө чыккандар колдорун жогору көтөрүшүп, бул акция тынч экенин жана полиция менен кагылышууга баруу ниеттери жок экенин көрсөтүшүүдө.

Мартта өлкө парламенти алгачкы жолу жаңы президентти шайлап, муну менен 2015-жылы башталган конституциялык реформа соңуна чыккан. Ага ылайык, өлкө парламенттик башкаруу формасына өтүп, мамлекетти премьер-министр башкарып калган. Бул кызматка 14-апрелде бийликтеги Республикалык партия буга чейин он жыл өлкө президенти болгон Серж Саргсяндын талапкерлигин көрсөткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда көп күттүргөн жолдун  курулушу башталды

Жалал-Абадда көп күттүргөн жолдун курулушу башталды

Кечээ, 19-июль күнү, “Бишкек-Ош автоунаа жолун реконструкциялоо, V-фаза, «Маданият-Жалал-Абад...

КООМ 2018-07-20  18:00

Бердымухамедовдун туугандары өздөрү учуш үчүн учактагы...

Бердымухамедовдун туугандары өздөрү учуш үчүн учактагы...

Жүргүнчү учак, Лебап (архив сүрөт)

Түркмөнстандын...

КООМ 2018-07-20  18:02

Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин кезексиз олтурумунда депуттаттар Ош шаарынын мэрин шайлашты. Бул...

КООМ 2018-07-18  13:14

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫ БОЛТУРБОО АРАКЕТТЕРИ ЖҮРДҮ

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫ БОЛТУРБОО АРАКЕТТЕРИ ЖҮРДҮ

Быйылкы жылдын алты айынын ичинде Жалал-Абад аймагында 2 жаратылыштык өзгөчө кырдаал катталган: бир...

КООМ 2018-07-18  15:17

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаар ишканаларынын жетекчилери катышкан бүгүнкү жыйында...

КООМ 2018-07-18  15:21

Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы...

Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы...

Кичи Памирдеги кыргыздардын жаңы башчысы азырынча шайлана элек. Бул тууралуу...

КООМ 2018-07-18  16:04

Түркмөнстанда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынууда

Түркмөнстанда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынууда

Ашхабадда жана облустардын административдик борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу...

КООМ 2018-07-17  04:48