KELECHEK

Бир үй-бүлөгө – бир күнөскана (ФОТО)

Бир үй-бүлөгө – бир күнөскана (ФОТО)

Өлкөбүздөгү алтмыш пайыз калк айылдарда жашайт. Демек, региондор өнүгүүсү түздөн-түз мемлекеттин өнүгүүсү менен байланышта болот. Мен айыл жергесинде жашаганым үчүн айыл турмушун жакшы билемин.

Айыл адамдары дыйканчылык жана чарба менен алектенишет. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөбүздө айдоо жерлер үй-бүлөдөгү адам башына үлүш кылып бөлүп берилгенин элибиз жакшы билет. Бирок, жер үлүшү 1994-жылы 10-октябрга чейинки төрөлгөн балдарга гана берилген. Жер үлүшү берилбеген кыргыз жарандарынын жашы 25ке толду. Айылда жери болбогон жаран ишсиз эсептелет. Эми, суроо жаралат, алар өзүн жана үй-бүлөсүн, балдарын, кары-кыртаң ата-энесин кантип багат? Алар кайсы жерден, кандай жол менен курсактарын тойдурат? - деген суроонун тегеренинде ой жүрүтүү жана чечимин табууга аракет кылуу, парзыбыз деп билем.

Үлүш жери жок жердештерибиз иш издеп чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүргөнү акыйкат. Ишке жарактуу, күч-кубатка толгон жарандарыбыз мигрант болуп чет өлкөлөрдө жүрсө, өлкөбүздү ким өнүктүрөт?! Бул көйгөйдү өкмөт, айыл аймактарынын жетекчилери ойлоп көрүүсү зарыл. Менин оюмча, айыл жашоочуларын иш менен камсыз кылуунун жолдору көп. Интернет желесиндеги маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусунда бардыгы болуп 600дөн ашык күнөскана бар. Бул тууралуу облус жетекчисинин орун басары Мамасалы Акматов билдирген.

Сузак районунун Ырыс айыл аймагында 40 миңден ашуун калк жашайт. Бул районда гана эмес, республикада чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Элдин көптүгүнө байлатыштуу жан башына үлүш жерлер 6-8 сотыхдан гана берилген. Аймакта 13 айыл бар. Мусулман калкыбыз пайыздуу насия алууну жек көрүшөт. Ошондуктан, КР Өкмөтү тарабынан  айыл аймактарын өнүктүрүү үчүн камкордук кылууга тийиш. Аймактар өздөрү тапкан пайданы өздөрү каржылоо мезгили келди. Жыл сайын түшкөн кирешеден «Ар бир үй-бүлөгө – бир күнөскана» долбоорунун алкагында үй-бүлөлөргө пайызсыз насыя берүү программасын иштеп чыгуу жана акчалай жардам берүү зарыл.

Мисалы, Ырыс айыл аймагындагы 13 айылга ондон күнөскана курулса, эл иш менен камсыз болуп, жыл өткөн сайын элдин турмушу жакшырат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн айыл аймак жетекчиси, айылдык кеңеш депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле аймак өкүлдөрү биргеликте иш алып баруусу, күнөскана куруу жана насияны кайтаруу иштерин көзөмөлгө алуусу керек. Долбоор ишке аша турган болсо, анда  айыл тургундары иш менен камсыз болуп, күнөсканада бышкан продукциялар базарларды толтурат. Ошондой эле, продукцияны чет өлкөгө экспорт кылууга мүмкүн болот. Жаш муундар ата-энесинин кучагында өсөт. 

Ырыс айыл аймагынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Момунжан ажы Астановдун айтымында, Кайрагач жана Жар-Кыштак айылдарында эки чоң күнөскана бар. Бир канча жылдардан бери күнөскана иштетип келе жаткан Нигорахон Тургунованын айтымында, ал жерде кышын-жайын 30-35 адам иш менен камсыз болгон. Алар күнөсканадан бир жылда эки жолу түшүм алышат. Помидор, бадыраң сыяктуу таза органикалык жашылчаларды базарга сатыкка чыгарышат. Ошондой эле, Жар-Кыштак айылынын тургундары Исмаил ажы Арапов жана Икромжон ажы Астанов сыйымдулугу 40 тоннадан муздаткыч куруп, ишке киргизишти.

Эл байыса, мамлакет өнүгөт. Ырыс айыл аймагынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Момунжан ажы Астановдун берген маалыматына караганда,  азыркы учурда аймакта 1265 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар.  Бул 21,5 пайызды түзөт. Жыл башынан бери соцфондко салык төлөнбөйт. Ошондуктан, үй-бүлөдө каза болгон адамдардын жер үлүштөрүн ырасмий түрдө 18 жаштан  25 жашка чейинки адамдарга кайра алып берүү зарыл. Бул ишке ашса Өкмөт казынасына жер салыгынан пайда түшөт жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр иш менен камсыздалат.

Жогоруда айтып өткөн «Бир үй-бүлөгө – бир күнөскана» долбору ишке ашса, элибиз бай болот. Коломтосунда от өчпөйт, казаны кайнайт, чөнтөгүндө акча түгөнбөйт. Өсүп келе жаткан жаш муундар ата-энесинин кучагында эч нерседен кем болбой өсөт жана эмгекти үйрөнөт.

Бегойим ХАНКЕЛДИЕВА, Сузак районундагы М. Юсупова атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ноокен районунун Бүргөндү айылына жаңы 18 даана электр мамычалар...

Ноокен районунун Бүргөндү айылына жаңы 18 даана электр мамычалар...

Бүргөндү айылындагы электр мамычалар жыгачтан болгондуктан эскилиги жетип, жарактуу мөөнөтү...

Аймак 2018-06-20  01:54

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН  КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

Бүгүн, 13-июнда Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында июнь коогалаңында каза болгондор...

Аймак 2018-06-13  18:51

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын тургундары менен Тажикстандын Согди...

Аймак 2018-06-13  18:54

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев Ала-Бука районунда болду (ФОТО)

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев Ала-Бука районунда болду (ФОТО)

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 23-24-май күндөрү 2 күндүк иш...

Аймак 2018-05-29  10:23

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын...

Аймак 2018-05-23  13:59

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

19-май күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине...

Аймак 2018-05-23  14:27

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды...

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды...

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев үстүбүздөгү жылдын...

Аймак 2018-05-21  11:35