KELECHEK

Дональд Трамп Сирияга абадан сокку башталганын жарыялады

Дональд Трамп Сирияга абадан сокку башталганын жарыялады

Сирия. Дамаск шаары. Америка жана анын өнөктөштөрүнүн соккусу.14-апрель, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп химиялык курал үчүн колдонулган өкмөттүк мекемелерге сокку уруу тууралуу буйрук бергенин жарыялады.

Анын айтымында, Франция, Британия менен биргеликте башталган бул соккулар Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмойунча уланат.

Маалыматтарга караганда, соккулар Дамасктагы илимий-изилдөө борборуна жана Сирия армиясынын тандалган бөлүктөрү жайгашкан аскердик базаларга багытталды. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордон билдиришкендей, бутага алынган айрым базалар менен аэропорттордон кызматкерлер буга чейин, апта ортосунда эле эвакуацияланган.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Хомс шаарынын сыртында жайгашкан объектке сокку урганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча анда химиялык курал жасоо үчүн керектүү болгон заттар сакталат. Министрлик алдын ала алынган маалыматтарга караганда чабуул ийгиликтүү болгонун белгиледи.

Пентагон АКШ былтыр Хан-Шейхунда химиялык чабуулдан кийин жасаган соккуларга караганда, бул жолкусунда эки эсе кубаттуу аскер куралдары колдонулганын билдирди..

Сириялык ММКлар бул чабуулду «эл аралык укуктарды одоно бузуу» деп атап, аскерлер ракетага каршы коргонуу системасын колдоно баштаганын жана 13 ракетаны атып түшүрүшкөнүн билдиришти.

14-апрель эртең менен Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Орусиянын Сириядагы аскердик базаларынын айланасына жасалбаганын кабарлаган.

Трамп Орусияны дагы, Иранды дагы Асаддын «адам өлтүргүч» режимин колдоону токтотууга үндөдү. Трамп бул эки өлкөнү «Асаддын кылмыштуу режимин колдоого, курал жана акча менен камсыздоого» жооптуу экенин кошумчалады.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов АКШ менен анын союздаштарынын чабуулун кескин сынга алды. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Сирияга жасалган соккулар «аймактык кесепеттерге» ээ болорун билдирди. Франция чабуулдар тууралуу Орусияга алдын ала маалымат берилгенин кабарлады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЕБ Израилди Хайфадагы кагылышууну иликтөөгө чакырды

ЕБ Израилди Хайфадагы кагылышууну иликтөөгө чакырды

Европа биримдиги Израилди өткөн аптада Хайфада полициячылар...

ДҮЙНӨ 2018-05-23  14:01

Трамп Юстиция министрлигине жаңы иликтөө өткөрүүнү тапшырды

Трамп Юстиция министрлигине жаңы иликтөө өткөрүүнү тапшырды

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп...

ДҮЙНӨ 2018-05-23  14:10

"Фейсбуктун" башчысы Марк Цукерберг Европарламентте сөз сүйлөдү

Мак Цукерберг

22-майда "Фейсбуктун" башчысы Цукерберг Европарламентте сөз...

ДҮЙНӨ 2018-05-23  17:43

Сирия: исламисттер акыркы козголоңчул анклавдан чыгып кетти

Сирия: исламисттер акыркы козголоңчул анклавдан чыгып кетти

Сириядагы адам укуктарына мониторинг...

ДҮЙНӨ 2018-05-21  10:27

Стамбулдагы ИКУ жетинчи кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча...

Стамбулдагы ИКУ жетинчи кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча...

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын...

ДҮЙНӨ 2018-05-20  19:00

БУУ: 2050-жылы Борбор Азиянын калкы 94 миллиондон ашат

БУУ: 2050-жылы Борбор Азиянын калкы 94 миллиондон ашат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти Борбор Азия...

ДҮЙНӨ 2018-05-18  08:31

АКШ Сенатынын чалгындоо комитети: Орусия Трампка жардам берүүгө...

АКШ Сенатынын чалгындоо комитети: Орусия Трампка жардам берүүгө...

АКШ Сенатынын чалгындоо иштери боюнча комитети Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен...

ДҮЙНӨ 2018-05-17  18:46