Өзбекстанда камактагыларды көзөмөлдөө үчүн 2 миңден ашык камера орнотулду
Өзбекстандын убактылуу кармоочу жайларына 1814, тергөө абактарына 123, атайын кабыл алуу жайларына 25 жана туруктуу жашаган жери жок адамдардын реабилитациялык борборлоруна 283 видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бобожонов билдирди.
Анын айтымында, камералардын 965и убактылуу кармоочу жайларга, 327си сурак берүү жана адвокаттар менен жолугушуу бөлмөлөрүнө, 364ү коридорлорго, 161и камактагылар сейилдеген жерлерге, 307си абак имараттарынын айланасына жана 121и адамдарды текшерүү жайлары менен ашканаларга орнотулду. Министр бул жарандарды кыйноого алуу, аларга психологиялык жана физикалык жактан таасир этүү фактыларын алдын алуу чарасы экенин кошумчалады.
Маалыматка караганда, тергөөчүлөрдүн иш бөлмөсү менен тергөө абактарына көзөмөл камералары тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында орнотулду. Ошол эле маалда бул айыпталуучулар менен адвокаттар тараптан тергөөчүлөргө карата негизсиз айыптоолордун айтылышын алдын алууга жардам берет.
Көзөмөл камераларын, мониторлорду жана серверлерди сатып алууга өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттен сырткаркы фонддон 5,2 миллиард сум (643 миң доллардан ашык каражат) жумшалганы кабарланууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53