"Берекет" базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду
Бишкектеги "Берекет" базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") менен иликтенип жатат.
Расмий маалыматка ылайык, өрт тууралуу 13-апрелде түнкү саат 3:50дө маалымат түшүп, ага 800 милиция кызматкери тартылган. 14 техника катышып, 7:40та өрт өчүрүлдү.
Тилсиз жоодон болжол менен 2000 чарчы метр соода аймагы күйгөн. Себеби тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары журналисттерге базарга өрт коюлушу мүмкүн деген божомолду айтты.
Өрттөн жети киши жабыркады. Алардын баары Өрткө каршы кызматтын адистери. Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" билдиргендей, алтоо иске ууланып, бири күйүп калган. Алар ооруканага жатуудан баш тартышты, жеринде аларга медициналык жардам берилди.
Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ири өрт чыкты. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05