KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы борбордук базар күйүп, 41 соодагер жабыр тартты (ФОТО)

Жалал-Абаддагы борбордук базар күйүп, 41 соодагер жабыр тартты (ФОТО)

Жалал-Абаддагы борбордук базар, өрттөн кийинки көрүнүш.

Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын 13-апрелинде саат 02:00 чамасында борбордук базары өрттөнүп, болжол менен 1 344 чарчы метр соода аянты күйүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук базардагы өрттөн 41 соодагер жабыр тартты. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген зыяндар такталууда.  

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын ыкчам тобу, Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм, Жалал-Абад шаардык №58 өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Сузак райондук №65 өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм жана Жалал-Абад шаардык РЭТинен 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

“Тартылган күчтөрдүн жардамы менен саат 03:17де өрт чектөөгө алынып, саат 06:27де толугу менен өчүрүлгөн”, -деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, өрттөлгөн базарда негизинен азык-түлүк сатылчу. Өрткө каршы кызмат, Экотехинспекция эки күн мурда базарда рейд өткөрүп, өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай турганын аныктаган. Базар жетекчилигине эскертүү берилген. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...