Өзбекстан жана Кыргызстан чек арачыларына карапайым жарандарга ок атууга тыюу салынды
Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн карапайым жарандарына каршы чек арачылардын ок атышына тыюу салуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысы Руслан Мирзаев кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген чек арадагы окуяны талкуулашты.
Эки өлкөнүн чек ара башчылары жергиликтүү акимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге Мамай айлына барып, окуя болгон жерди карап чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен ар тараптуу, дыкат иликтөө жүргүзүү үчүн эки өлкө өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мындан тышкары мекеме жетекчилери аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралбаса, карапайым жарандарга каршы ок чыгарбоо боюнча өздүк курамга тапшырма беришти.
Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган.
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу чек ара кошуундары түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргенин, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегенин, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн" билдирген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53