KELECHEK
rek

СУЗАК: КҮНӨСКАНАДА 80 ТОННАГА ЧЕЙИН ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АЛЫНАТ (ФОТО)

СУЗАК: КҮНӨСКАНАДА 80 ТОННАГА ЧЕЙИН ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АЛЫНАТ (ФОТО)

Сузак районунун талаачылык зонасында “Жашыл экономика” багытында иштер күч алып, жеке менчик күнөскана чарбаларынын саны улам көбөйүүдө. 

Алар жергиликтүү рынокту дары-дармексиз органикалык жер семирткичтер менен өстүрүлгөн, экологиялык жактан таза жашылчалар менен камсыз кылышууда. Райондогу Барпы айыл аймагында орун алган жеке ишкер Сайдилла Чимбердиевдин күнөсканалары азыркы тапта күнүнө 400 килограммдан, ал эми сезондо 80 тоннага чейин түшүм берет. Жеке фермер азык-түлүктөрдү чет жактан сатып албай, рынокту жергиликтүү таза азык-түлүк менен толтуруу мүмкүндүгүн айтат.

С. Чимбердиев күнөскана иштетүүнү 4 сотых жерден баштаган. Иштин башында агротехникалык эрежелерди жакшы билбегендиктен, бир канча кыйынчылыктарга учураган. Бара-бара иштин көзүн үйрөнүп, азыркы тапта күнөсканада көп түшүм алуу менен аны жергиликтүү базарларга алып чыгууда. Эгер эгилген ар бир түп көчөткө аяр мамиле жасаса, натыйжа жакшы болуп, көп киреше тапса болорун айтат.

Күнөскана куруунун жана анын иштетүүнүн да өзүнө жараша сырлары бар. Анткени, күнөсканада химиялык жер семирткичтер колдонулбайт, ошондой эле кыш мезгилинде да түшүм алууга аракет жасалат. Себеби, ушул мезгилде базарларда жаңы бышкан жашылчалар жакшы өтөт. Күнөскананын иш ыргагы базар керектөөлөрү менен дайыма шайкеш болушу керек, антпесе дыйкан чыгым тартат.

Эки жылдан бери күнөскана бизнесине кызуу киришкен С. Чимбердиевдин иш-тажрыйбасы башкаларга да үлгү болууда. Айылда  күнөскана иштетип, кошумча киреше тапкысы келгендер күнөсканада жашылча өстүрүүнүн жол-жоболорун үйрөнүшүүдө. Алардын катарында дыйканчылык менен алектенген Багир Салманов да бар.

Кечээ эле 4 сотыхтан башталган күнөскананын азыркы аянты 40 сотыхка жеткен. Жылына үч жолу түшүм берген бул күнөскананы дагы кеңейтип, алынуучу продукциянын көлөмүн арттыруу аракети жүрүп жатат. Себеби, түшүмдүн көлөмү канчалык көп болсо, анын  өздүк наркы төмөн болуп, киреше мол болот. Бир эле жолку жыйноодо күнөскана 12 тоннага чейин продукция берүүдө.

Айылдык бийликтер да элдин ушундай аракеттерин колдоого алып, күнөскана кургусу келгендерге кайра бөлүштүрүү фондусунан жер берилерин айтышат. Анткени, айылдыктардын социалдык көйгөйлөрү алардын өздөрүнүн экономикалык активдүүлүгүнө байланышкан. Бул үчүн айылдарда жеткиликтүү шарттар бар. 

Эскерте кетсек, Сузак районунун Барпы айыл аймагында 2016-жылдын башталышында бир дагы күнөскана болгон эмес. Ал эми азыркы кезде бул ишке кызыгуу күчөп, 3 ири күнөскана, андан сырткары, короо-жайлардагы 25 майда күнөсканалар иштетилип жатат. Эгер алардын саны дагы да көбөйүп, түшүмдүн көлөмү артса, алар продукцияны чет жакка чогуу экспорттоо ниетинде.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41