KELECHEK

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Ош шаары Эл аралык форумда улуттар алалык мамилелер боюнча “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды

Кечээ, 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V- Эл аралык форуму башталды. Ага дүйнөдөгү 150гө жакын шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ишканааларынын өкүлдөрү катышты. 

Эл аралык форумда Ош шаарынын мэриясы коммуналдык чарба кызматтары, информациялык технологиялар, улуттар аралык мамилелер, социалдык саясат жөнүндө сөз кылды. Алар:

- Ош шааарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иш аракеттер;

- Көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган түнкү жарыктандыруу;

 - Шаардыктардын көйгөлөрүн онлайн режиминде чечүү;

- Муниципалдык – жеке өнөктөштөр долбоорлору; - Улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жана көзөмөлдөө боюнча комплекстүү чаралар;

- Жаштардын коомдогу орду, долбоорлорду ишке ашыруу багыты, баалуулуктарды барктоо, патриоттууулук боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор боюнча тажырыйбалар менен бөлүшүү; 

Форумдун эң негизги милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин чечүүдө шаарлардын ийгиликтүү башкаруу тажырыйбалары менен бөлүшүү, ошондой эле, шаарлардын муниципалитет жана Эл аралык деңгээлде оң позициялары болуп саналат.

“Мыкты муниципалдык практикалардын” V- Эл аралык форумуна КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Россия шаарларынын союзунун президенти Станислав Мошаров жана бир нече мамлекеттен келген өкүлдөр катышты.

Форумдун алкагында Ош шаары улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө алгылыктуу иш аракети үчүн “Мыкты муниципалдык практика” номинациясын алды. Ал Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге тапшырылды.

Белгилей кетсек, мыкты муниципалдык практика форум алгач 2013-жылы Пенза шаарында өткөн жана Эл аралык статусун 2016-жылы алган. Эскерте кетсек , “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мыкты муниципалдык практикалардын мааракелик V- Эл аралык форуму бүгүн жыйынтыкталды.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте жапырт түрдө бак-дарактарды кыюу уланууда

Ташкентте жапырт түрдө бак-дарактарды кыюу уланууда

Ташкент шаарынын Мирзо-Улугбек районунда бактарды жапырт кыюу – жергиликтүү...

КООМ 2018-08-03  01:32

Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт

Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт

Тажик бийлиги ата-мекендик...

КООМ 2018-08-01  18:18

Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту...

Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту...

Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынан ажылык сапарга аттанган мусулмандарды узатуу аземине шаар мэри Таалайбек...

КООМ 2018-07-31  15:57

Оштогу 150 орундуу оорукананын курулуш иштери  99 %га бүттү

Оштогу 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 99 %га бүттү

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Тилек аймактык кеңешине курулуп жаткан 150...

КООМ 2018-07-30  15:44

Ош шаарынын мэри Синзян-уйгур автономиялык аймагынан келген...

Ош шаарынын мэри Синзян-уйгур автономиялык аймагынан келген...

Кечээ, 26-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Синзян-уйгур...

КООМ 2018-07-27  18:13

Өзбекстанда бир нече имам жумуштан бошотулду

Өзбекстанда бир нече имам жумуштан бошотулду

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы 26-июлда республиканын бир катар мечиттеринен...

КООМ 2018-07-27  18:33

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы жаштардын багы аталган Токтогул көчөсүндөгү аллея жаңыланууда. Шаардык...

КООМ 2018-07-27  18:49