KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА ПОЛЬША ЖООКЕРЛЕРИ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАДДА ПОЛЬША ЖООКЕРЛЕРИ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында Польша Республикасынын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына, экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы Польша армиясынын генералы Владислав Андерсти эскерүүгө арналган шаар мектептеринин окуучуларынын арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү.

Ага Польша өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси Селим Хазбиевич жана шаардын виц-мэри Руслан Алтымышов катышты. Шаардын виц-мэри Р. Алтымышовдун айтымында, согуш убагында Польша армиясынын 5-дивизиясы шаарда жайгашкан. Жыл сайын Польша өкмөтүнүн өкүлдөрү шаарга келишип, ал кездеги жоокерлерди эсеришет жана шаар четиндеги көрүстөнгө зыярат кылышат.

- Польша өлкөсүнүн эркиндигине салым кошкон жоокерлерин эскерүүнүн алкагында Польша Республикасынын каржылоосу менен жаштарды өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлор каралган. Айрым мектептерди компьютердик техника менен жабдуу жагынан да колдоо көрсөтүшкөн. Ал эми бүгүн шаар мектептеринин окуучуларынын арасында футболдук мелдеш өткөрүлүүдө. Мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар кыргыз жаштарынын польшалыктар, алардын тарыхы менен кенен таанышууга шарт түзөт, - дейт ал.

Ал эми Польша элчиси Селим Хазбиевичтин айтымында, экинчи дүйнөлүк согуш башталганда фашисттик Германия Польшага кол салып, аны ээлеп алган. Польшалыктар сырттан армия түзүп, мекенин бошотуп алууга аракет жасашкан. Генерал Владислав Андерстин башчылыгында СССРдин аймагында бир катар дивизиялар түзүлүп, анын ичинде 5-дивизия Жалал-Абад шаарында жайгашып турган. Бүгүнкү күндө Польша Республикасы ошол кездеги жоокерлерин унутпай, жыл сайын аларды эскерип турушат.

- Бүгүнкү күндө Жалал-абад шаарынын жаштарына да бул маалыматтарды жеткирүү менен өз ара карым-катнашты түзүү жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу  менен эки элдин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды бекемдөө үчүн аракет кылабыз, - дейт ал.

Мелдешке шаар боюнча алты комманда катышып, жыйынтыгында биринчи орунду шаардагы №1 Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулар командасы алса, экинчи жана үчүнчү орунга Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектердин олимпиадалык резерв спорт мектебинин командалары жетишти.

Эске сала кетсек, 1939-жылы 1-сентябрда фашисттик Германия Польшага кол салып, 200 миңге чукул польшалык жарандар Кыргызстан аркылуу Иранга жана башка өлкөлөргө өтүшкөн. Ал эми Жалал-Абад шаарында 2011-жылдан тарта Польшанын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен жоокерлерди эскерүү иш-чаралары жүргүзүлүп келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13