KELECHEK

Казакстан өлкөдөн капиталды чыгарып кетүүгө каршы көзөмөлдү күчөтөт

Казакстан өлкөдөн капиталды чыгарып кетүүгө каршы көзөмөлдү күчөтөт

Казакстан парламентинин межилиси пленардык жыйында өлкөдөн капиталдын чыгышын көзөмөлдөй турган мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

"Валюталык жөнгө салуу жана валюталык көзөмөл” тууралуу мыйзам долбоорун Улуттук банктын төрагасы Данияр Акышев тааныштырды. Акышев мыйзам долбоорунда банк сыры камтылган каржы операциялары тууралуу маалыматты салык органдарына берүү укугу каралып жатканын айтты. Анын билдиришинче, мамлекеттик органдардагы өз-ара иштешүүнү күчтөндүрүү чаралары капиталдын чыгуусуна бөгөт коюуга жардам берет.

"Мыйзамдын нормалары менен гана капиталдын сыртка чыгарылуусуна көзөмөл орнотуу мүмкүн эмес. Акчалар мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кетиши ыктымал. Түз чектөө чаралары инвестициялык климатка жана таза иштеген ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды начарлатып жибериши мүмкүн", — деди Акышев межилистин пленардык жыйынында.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле "өлкөдөн акча чыгаруу белгилери бар валюталык операциялардын тизмесин" киргизүү сунушталган. Акышев мыйзам долбоорунун кабыл алынышы катардагы жарандарга кедергисин тийгизбей турганын, көбүнчө "ири валюталык операцияларга" тийиштүү болорун кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд...

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд...

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:04

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын...

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын...

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери 20-августта Региондорду өнүктүрүү жана...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:10

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго...

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго...

«2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:14

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  19:07

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  19:10

Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)

Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)

Чаткалдагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый...

ЭКОНОМИКА 2019-08-16  02:58

Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады....

ЭКОНОМИКА 2019-08-15  12:37