KELECHEK

Тажикстанда аскер комиссары пара алып жаткан жеринен кармалды

Тажикстанда аскер комиссары пара алып жаткан жеринен кармалды

Тажикстандын Фархор райондук аскер комиссариатынын аскерге даярдык бөлүмүнүн башчысы Мехруз Тоиров 5 миң сомони (550 доллардан ашуун) пара алууга жана армияда кызмат өтөбөгөн жаранга аскер билетин даярдап берүүгө айыпталып кармалды.

Мехруз Тоиров Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери тарабынан 10-апрелде пара алып жаткан маалда кармалды.

Ага карата “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул Аскер комиссариатынын кызматкерлери паракорчулукка айыпталган биринчи учур эмес. Быйыл январда 300 доллар пара менен Куляб аймагынын аскер комиссары Рустам Бурхонов кармалган. Бул акчага ал жергиликтүү жашоочуга аскер билетин жасап берүүнү убада кылган.

Ал ортодо 1-апрелден бери Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу кампаниясы өтүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда эки миңден ашуун алимент төлөөчүгө издөө жарыяланды

УКУК 2018-07-20  17:30

Өзбекстанда райондук милиция башчысы дыйкандын мурдун сындырды

Өзбекстанда райондук милиция башчысы дыйкандын мурдун сындырды

Иллюстрациялык сүрөт

Жизак облусунун Янгиабад районундагы дыйкан чарбасынын башчысы Сардор...

УКУК 2018-07-20  17:37

Албек Ибраимов тергөө бүткөнчө камалды

Албек Ибраимов тергөө бүткөнчө камалды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча деп, 29-августка чейин...

УКУК 2018-07-20  17:41

Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү биринчи окууда жактырды

Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү биринчи окууда жактырды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы пенсия курагын...

УКУК 2018-07-20  17:45

Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү

Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү

Чүйдүн Арашан айылында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек...

УКУК 2018-07-20  17:50

Өзбекстан: милиция тарабынан сойкуканада тартылган видео талаш...

УКУК 2018-07-18  16:14

Орусияда 7 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды

Орусияда 7 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды

Орусияда жыл башынан бери жети миңден ашуун кыргызстандык “кара тизмеден”...

УКУК 2018-07-18  17:35