KELECHEK

Орусиялык 50 ишкер бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту

Орусиялык 50 ишкер бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту

Орусиялык ишкер Олег Дерипаска

АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоого байланыштуу орусиялык 50 киши бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту. Бул тууралуу «Форбс» журналы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, санкциялык тизмеге кирген ишкер Олег Дерипаска 24 сааттын ичинде эле 1 млрд долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөшү Владимир Потанин дагы ушундай эле жоготууга кабылды. Бул эки ишкерге тиешелүү акциялардын баасы кыйла арзандады. Санкциялар тизмесиндеги дагы бир ишкер Виктор Вексельбергдин байлыгы дээрлик миллиард долларга азайды. Каржы базарындагы абалдан улам Сулейман Керимов, Леонид Михельсон, Геннадий Тимченко, Владимир Лисин, Роман Абрамович, Вагит Алекперов жана Алексей Мордашов деген ишкерлер дагы зыян тартты.

Санкциялардан улам ВТБ банктын, «Русал», «Норильск никели» жана «Мечел» компанияларынын акцияларынын баасы кыйла төмөндөдү. Баалуу кагаздардын баасынын арзандашына байланыштуу рублдин курсу түштү. Евронун баасы 2016-жылдын августунан бери алгачкы жолу 74 рублдан ашты. Доллардын курсу быйыл биринчи жолу 59 рублдан жогорулады.

Дерипаска президенттик кылган «Русал» компаниясынан учурда «абал жакшы эмес» экенин билдиришти. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, азыр жетекчилик ыктымал тобокелдиктерди минимумга түшүрүүгө аракет кылууда.

Дерипаскага таандык En+ компаниясы санкциялык тизмеге киргенден кийин анын директорлор кеңешинин эки мүчөсү кызматтан кетти.

6-апрелде Кошмо Штаттар Орусиянын коопсуздук кызматтарынын жетекчилерине, саясатчыларга жана президент Путинге жакын делген миллиардерлерди “кара тизмеге” киргизген. Вашингтон мындай чечимин “Москванын дүйнөгө тийгизген зыяндуу ишмердигин” жазалоо чарасы деп түшүндүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

АКШнын Федералдык прокуратурасы америкалык...

Түркмөнстан ооган чек арасындагы жоочулардын айынан запастагы...

Түркмөнстан ооган чек арасындагы жоочулардын айынан запастагы...

Учурда Түрмөнстан бийлиги запастагы аскерлерди каттоого алууда....

Тажикстанда ар бир он жарандын экөөсүнүн насыясы бар

Тажикстанда ар бир он жарандын экөөсүнүн насыясы бар

Акыркы жылдары Тажикстанда насыя алгандардын саны 400 миң кишиге...

Экс-президент Атамбаев Индияга барбай калды

Экс-президент Атамбаев Индияга барбай калды

Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Индияга барбай калды. Ал кыска...

Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып...

Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып...

Үрүмчү институтундагы студенттер. 3-январь, 2019-жыл

Кытайдын Шинжаң аймагына...