KELECHEK

Эл аралык шахмат федерациясы президентинин отставкасын талап кылууда

Эл аралык шахмат федерациясы президентинин отставкасын талап кылууда

Кирсан Илюмжинов

Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) өз башчысы Кирсан Илюмжиновдон отставкага кетүүнү талап кылды. Кайрылуу уюмдун сайтында жарыяланды.

ФИДЕ жарыялаган билдирүүгө караганда, АКШ Илюмжиновго карата санкция киргизгендиктен, уюм каржы маселелерине кептелген. Мындан тышкары эл аралык шахмат федерациясынын кадыр-баркына доо кетип жатканы баса белгиленген.

Илюмжиновду федерациянын башчылыгынан алуу тууралуу маселе 7-8-апрелде Минскте өткөн уюмдун президенттик кеңешинин жыйынында каралган. Аны отставкага кетирүүгө кеңештин 14 мүчөсү макул болгон.

Буга чейин швейцариялык банк (UBS) Илюмжиновго киргизилген санкцияларга байланыштуу апрелде уюмдун эсептерин жабууга камданып жатканын эксерткен. 2017-жылы мартта ФИДЕнин сайтында анын отсавкага кеткени кабарланган, бирок Илюмжинов бул окуяны чагым деп атаган. Ал АКШ санкцияларына байланыштуу уюм үчүн кедергиси тийип жатканы далилденсе гана кызматтан кетерин айткан.

Кирсан Илюмжинов ФИДЕни 1995-жылдан бери жетектейт. 2015-жылы АКШ бийлиги аны Сирия өкмөтүн колдоого айыптап санкция киргизгенден кийин анын ыйгарым укуктары чектелген.

Илюмжинов Кошмо Штаттардын каржы министрлигин сотко берип, моралдык жана материалдык чыгым үчүн 50 миллиард доллар талап кылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Оштун “Алай” командасы “Кара-Балта” командасын 9:0 эсебинде утту

Оштун “Алай” командасы “Кара-Балта” командасын 9:0 эсебинде утту

22-сентябрда Оштогу А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө...

СПОРТ 2018-09-24  13:29

Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

22-сентябрда Кыргызстан чемпиондугунун алкагында Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө...

СПОРТ 2018-09-22  13:24

Түркмөнстанда эл аралык автожарыштын катышуучулары экологиялык...

Түркмөнстанда эл аралык автожарыштын катышуучулары экологиялык...

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

11-сентябрда...

СПОРТ 2018-09-13  12:37

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду

Кыргызстан - Өзбекстан командаларынын беттеши. 7-сентябрь, 2018-ж.

Кыргызстандын көкбөрү боюнча...

СПОРТ 2018-09-08  05:27

ДКО-2018: финалда кыргыз жана өзбек көкбөрүчүлөрү ойнойт

ДКО-2018: финалда кыргыз жана өзбек көкбөрүчүлөрү ойнойт

Өзбекстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым...

СПОРТ 2018-09-07  08:14

Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылды

Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылды

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын...

СПОРТ 2018-09-03  11:59