KELECHEK
rek

Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда “гүленчилер” темасын козгоду

Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда “гүленчилер” темасын козгоду

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкара шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, кыргыз-түрк мамилелерин талкуулады

Эрдоган жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында “Кыргызстан -Түркия үчүн өзгөчө өлкө” деп билдирди.

Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы "Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин" айтып, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды:

- Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү мыйзам алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 551 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап, тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "гүленчилер" боюнча басма сөз жыйынында эч кандай пикирин билдирген жок.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген.​ Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12