KELECHEK

Сауд ханзаадасы: израилдиктердин «өз жеринде тынчтыкта жашоого» укугу бар

Сауд ханзаадасы: израилдиктердин «өз жеринде тынчтыкта жашоого» укугу бар

Израил жашоочуларынын «өз жеринде тынчтыкта жашоого укугу бар». Мындай пикирин Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман америкалык The Atlantic басылмасына берген маегинде еврей мамлекети болушу керекпи деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Палестиналыктардын дагы ушундай эле укуктары бар экенин белгилеген ханзаада бул үчүн жакынкы чыгышта жаңжалдашкан тараптар ортосунда тынчтык келишими түзүлүшү керектигин айтты.

Сауд Арабиясы Израилди расмий тааныган эмес жана аны менен эч кандай мамилеси жок. Бирок байкоочулардын көбү ханзаада Мохаммеддин ысымын акыркы кездери жалпы кызыкчылыктар (аймакта позициясын бекемдеп жаткан Иранга каршы туруу) үчүн Израил менен кызматташууга багыт алган Эр-Рияддын саясатындагы бурулуш менен байланыштырышууда. Ханзаада The Atlantic басылмасына берген маегинде эгер Израил палестиналыктар менен тынчтык тууралуу макулдаша алса, анда «Израил менен Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктары көп болорун» билдирди.

Reuters агенттиги белгилегендей, Сауд Арабиясы учурда жакынкы чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы мамиленин үстүнөн иштеп жаткан Ак үйдүн аракеттерин колдоодо.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

Почта, Ашхабад, 2018.

Түркмөнстанда 1-октябрдан тарта почта...

Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

Аварияга кабылган космос кемесинин экипажы Казакстан аймагына конду

“Роскосмос” космонавты Алексей Овчинин жана НАСА  астронавты Ник Хейг - куткаруучу капсула...

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын Дубайга чыгып кеткенин төгүндөдү

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын Дубайга чыгып кеткенин төгүндөдү

Өзбекстан Башкы прокуратурасы мурдагы өзбек президентинин тун кызы...

Казакстан менен Өзбекстан жалпы туристтик виза киргизүүнү...

Казакстан менен Өзбекстан жалпы туристтик виза киргизүүнү...

Казакстан менен Өзбекстан туристтердин эки...

Сирия оппозициясы Идлибден кеткендиги тууралуу маалыматты четке...

Сирия оппозициясы Идлибден кеткендиги тууралуу маалыматты четке...

Идлиб провинциясындагы качкындар. 25-сентябрь 2018-жыл

Сирия оппозициясы Идлибге жакын жердеги...

Гүлнара Каримованын кызы Ташкенттен Лондонго учуп кеткени айтылууда

Гүлнара Каримованын кызы Ташкенттен Лондонго учуп кеткени айтылууда

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси, Гүлнара...