KELECHEK

Өлкөдө ак калпакты "мазактагандарга" айыппул салуу сунушталууда

Өлкөдө ак калпакты

2-апрелде административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунда улуттук баш кийим – ак калпакты “мазактоого” каршы айыппул киргизүү каралган.

Депутаттар калпакты келекелегендерге 20 айлык эсептик көрсөткүч айыппул салууну демилгелешүүдө. Демилгенин авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

Жыл башында айрым депутаттар ак калпакка маданий символдун макамын берүүнү сунушташкан. Парламент мүчөлөрү жазган мыйзам долбоорунда өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүү каралган. Ага ылайык, улуттук баш кийимди эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышкан спорчулар дагы кийиши керек.

Былтыр Бишкектин соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга түшкөн. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга да ушул окуя себеп болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

CJP Африкада журналисттердин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөгө чакырууда

CJP Африкада журналисттердин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөгө чакырууда

Иллюстративное фото

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети (CJP) Борбордук Африка...

УКУК 2018-08-03  01:08

Казакстан Сайрагүл Сауытбайды Кытайга өткөрүп берген жок

Казакстан Сайрагүл Сауытбайды Кытайга өткөрүп берген жок

Алматы облусунун Жаркент шаарындагы сот кытай жараны, улуту казак Сайрагүл...

УКУК 2018-08-02  23:04

Кыргызстандык мигранттардын Орусияда сатып алган жер тилкелерин...

Кыргызстандык мигранттардын Орусияда сатып алган жер тилкелерин...

Орусиядагы 400дөй мигрант өлкө президентине...

УКУК 2018-08-02  23:35

Өзбекстанда Коопсуздук кызматтын мурдагы тергөөчүсү $450 миң опузалап...

Өзбекстанда Коопсуздук кызматтын мурдагы тергөөчүсү $450 миң опузалап...

Ташкенттин Яшнабад райондук соту Улуттук коопсуздук кызматтын Тергөө...

УКУК 2018-08-01  17:58

Шаңырак иши боюнча соттолгон Арон Атабек бийликтен ырайым сурабайт

Шаңырак иши боюнча соттолгон Арон Атабек бийликтен ырайым сурабайт

Шаңырак иши боюнча 18 жылга соттолгон акын жана диссидент Арон Едигеев (адабий аты...

УКУК 2018-08-01  18:04

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат...

УКУК 2018-08-01  18:06