KELECHEK
rek

Эрдоган Нетаньяхуну «баскынчы» жана «террорчу» деп атады

Эрдоган Нетаньяхуну «баскынчы» жана «террорчу» деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өткөн жумадагы 15 палестиналыктын өлүмүнө байланыштуу Израил өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну «баскынчы» жана «террорчу» деп атады. Бул Нетаньяхунун түрк аскерлерине айткан сынына жооп болду.

Эки өлкө лидерлеринин ортосундагы жаңжал израил аскерлеринин Изарил-Газа чегиндеги өткөн жумадагы аракетин Түркия сынга алгандан кийин башталды. Ага жооп кылып Нетаньяху Твиттер баракчасына израил аскерлерин «көптөгөн жылдардан бери жай тургундарды бомбалап келгендер» үйрөтпөшү керек деп жазды. Муну менен ал түрк бийлиги, анын Сириядагы, Ирактагы жана Түркиянын өзүндөгү күрттөргө каршы операциялары жөнүндө айтты. Мындан кийин Эрдоган өз тарапкерлеринин алдында Нетаньяху менен анын өлкөсүн палестиналыктарга каршы агрессия жасоого айыптап, дүйнөдө аларды «эч ким жакшы көрбөй турганын» айтты.

Жекшембиде Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман БУУ менен Европа биримдигинин 15 палестиналыктын өлүмүн иликтөө боюнча чакырыгын четке какты. «Израиль аскерлери зарыл болгон нерсени кылышты. Менимче, биздин аскерлердин бардыгы сыйлыктарга татыктуу», – деди Либерман жергиликтүү радиого берген маегинде. Израилдин маалыматы боюнча өткөн жумада өлтүрүлгөндөрдүн көбү радикал палестин топторунун мүчөлөрү болуп эсептелишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52