KELECHEK
rek

Ферганада кыргыз-өзбек өкмөт башчылары катышкан жыйын өтүп жатат

Ферганада кыргыз-өзбек өкмөт башчылары катышкан жыйын өтүп жатат

Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулду. 29-марттагы бир күндүк жолугушууда ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселеси каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустардын бийлик өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү маселеси каралган. Ферганадагы жолугушуу - ошол кеңештин алгачкы жыйыны.

Бишкек менен Ташкенттин соңку бир топ жылдан бери сууп турган мамилеси Шавкат Мирзиёев Өзбекстанга президент болгондон кийин жанданган. Өзбекстан бир тараптуу жаап, эрежеси катаалдашкан чек ара өткөрүү пункттары ачылып, элдин ары-бери каттоосу жеңилдеген. Чектеш жерлерде делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү уланууда.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12