Орусия 60 америкалык дипломатты чыгарат
Сергей Лавров
Орусия мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызын ууландырууга айыптап жаткан өлкөлөрдүн дипломаттарын чыгаруу менен жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.
Негизинен Орусиядан 60 америкалык дипломат чыгарылат, алардын 58и Москвада, экөө Екатеринбургда иштеген. Аларга өлкөдөн 5-апрелге чейин чыгып кетүү талабы коюлду. Мындан тышкары эки күн ичинде АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жабылат.
4-мартта Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги кызы экөө Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Алар ооруканага жеткирилип, экөө тең комага түшкөн. Лондон Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.
Британия, АКШ, Евробиримдиктин бир нече өлкөсү, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина жалпысынан 140тай орусиялык дипломатты чыгарганы жатат.
Кремль бардык дооматтарды четке кагууда жана ошондой эле жооп кайтаранын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52