KELECHEK

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы учурда Трукияда элчи болуп жүргөн Ибрагим Жунусовдун төрагалыгы астында Ош шаарында мамлекеттик комиссиянын жыйыны болуп, Жалал-Абад шаарында мамлекеттик дирекция тарабынан салынган Курманбек-10 а көчөсүндөгү 60 батирлүү беш кабаттуу үй бир нече адамдарга Өкмөттүн жобосун бузуу жолу менен бөлүштүрүлүп кеткен эле.

Арадан көп өтпөй бул кыңыр иштин бети ачылып, 2013-жылдын 24-январында Жалал-Абад облусу боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгыынын тергөө бөлүмүнүн ӨМИ боюнча ага тергөөчүсү Э.Нариев тарбынан “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Пазыловдун жазган кайрылуусунун негизинде жыйналган материалдарды карап чыгып, КЖКнин 304-беренсинин 2-б., 316-беренсинин 1-б., жана 350-беренсинин 1,2-б. негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок, бул кылмыш иш тергелип келип, күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзамсыз батир алгандардын аты аталып туруп эле, акырында “кылмыш жоопкерчиликке тарта турган адамдардын жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылууга жатат” – деген шылтоо менен кылмыш ишти кыскартып коюшту. Мына 5 жыл аралыгында 3 жолу аталган кылмыш ишти тергөөчүлөр: Э.Нариев, А.Иметов, Н.Джусповтор эч кандай негизи жок кыскартышкан.

Мындай негизсиз кыскартылган кылмыш иштер бир топ экендигин үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралды. Аталган жыйында Сооронбай Шарипович өзүнүн сөзүндө “сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдары коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат”, - деп ачык эле айтты.

- Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы тарабынан 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын 23 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Ар бир 5 иштин дээрлик төртөө сотко жиберилген эмес.

Козголгон кылмыш иштеринин 10 пайызы боюнча гана соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сотко жөнөтүлгөн иштердин 27 пайызы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Болгону  41 кылмыш иши боюнча эркинен ажыратуу өкүмү чыккан, - деди өлкө башчысы.

Президенттин айткан сөзү көпчүлүк жарандардын жүрөгүн өйүп келе жаткан бир топ жылдардан берки көйгөй болчу. Ошол себептен, Президент С.Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинен кийин бардык эле карапайым калк арасында кандайдыр чындыкка жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенине зор ишеним пайда болду. Ооба, Сооронбай Жээнбеков айткандай, өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек.

“Коррупция менен күрөшүү - менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе.  Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын!  Силерден да Кыргызстанбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам!”, - деп укук коргоо органдарынын жетекчилерине чоң жоопкерчиликти артты. Коррупция менен күрөшүүдө карапайым элдин, жалпы коомчулуктун да жардамы керек. Сары чырмооктой болуп коомдун бардык тармагын ороп алган коррупцияны жеңүү үчүн ар бирибизден сабырдуулукту, чыдамкайлыкты талап кылат. Коррупцияга каршы күрөшкөн укук коргоо органдары өздөрү бул ишке аралашып жатканда, аны жеңүү өтө кыйын экени эч кимге деле жашыруун эмес.

Мыйзамсыз батирлер кимдерге берилген?

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз  Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча Мамлекеттик комиссиясы (мындан ары-комиссия) 2012-жылдын 28-ноябрындагы №7/2 Протоколун Кыргыз Республиксынын мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен кабыл алган. Комиссиянын бул чечимине ылайык, Жалал-Абад облусундагы жарандарга турак жайлар  мыйзамсыз берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 4-майындагы №275 – токтому менен бекитилген Жобосунун 8-пунктунун талабына ылайык Комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү кеңештердин чечими менен түзүлөт жана бекитилет. Бирок, Сузак, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча комиссиялар жана алардын Жоболору жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген эмес.

Ошентсе да, Мамалекеттик комиссия тарабынан ал райондордон мыйзамсыз сунушталган жарандардын документтерин бирден текшербей туруп, алдын-ала бир күн мурун түзүлгөн тизме боюнча батирлерлерди берүү жөнүндө чечим чыгарган. Ошондой эле, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жай алууга укугу бар Кыргыз  Республикасынын жарандарынын категорияларынын ТИЗМЕСИнин 3-пунктунда, менчик турак жайы же турак жай курууга жер участогу жок болгон учурда жана менчигиндеги турак жайын сатып алуу сатуу, алмашуу, белекке берүү бүтүмдөрүн түзүү жолу менен үчүнчү адамдарга берүү аркылуу 3 жылдын ичинде өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган төмөнкү категориядагы адамдар дагы турак жай алуу үчүн укукка ээ болот деп көрсөткөн Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун бул талабын дагы одоно түрдө бузуп, жер участокторун жана турак-жайларын 3 жылдын ичинде үчүнчү адамдарга атайылап берген жарандарга мыйзамсыз түрдө батирлерди бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарган. Башкача айтканда,  Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз  Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча Мамлекеттик комиссиясы 2012-жылдын 28-ноябрындагы №7/2 Протоколу менен батир бериле турган жана берилбей турган жарандарды аныктап, «берилсин» деген чечим чыгарылган.

Токтомго туура келбеген документтерди Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары Жумагүл Эгамбердиеванын тапшырмасы менен облустук мамадминистрациянын кызматкери Канышай Кадырова, Сузактын акиминин орун басары  Асылкан Раманкулова экөө 2012-жылы 27-ноябрда Ош шаарында кечинде топтоштуруп тизме түзүп компьютерде жазышып, аны 28-ноябрда Мамлекеттик комиссияга Ж.Эгамбердиева сунуштаган. Алар биринчи кезекке 60 адамдын тизмесине өздөрүнө таандык болгон адамдарды жазышкан. Ал боюнча 03.03.2016-жылдагы “Кл-119” деген Ж.Эгамбердиеванын колу коюлган жооп каты далил болуп берет.

Ибрагим Жунусов жетектеген мамлекеттик комиссиянын катачылыгы менен Жалал-Абад шаарындагы Курманбек -10а көчөсүндөгү Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үйдүн батирлери эч кандай токтомго туура келбеген эле адамдарга бөлүнүп берилген. Кылмыш иштин тергелиши менен таанышуу учурунда Жалал-Абад облустук финполицияда турган 60 адамдын документтерин бирден карап чыгып, андагы айрым документтерге 1,5 миллион сомдук батир эмес, 1,5 миң сомдук жөнөкөй эле уюлдук телефон берүүгө болбой тургандыгына ынандым.

2012-жылы декабрь айынын аяк ченинде Ибрагим Жунусов КР Маданият, маалымат жана туризм министри болуп турганда анын кабыл алуусунда болгонбуз. Ошондо ал “Жалал-Абад облусунун замгубернатору Ж.Эгамбердиевага ишенип, ал кандай адамдарды сунуштаса, биз алардын баарынын документтерин бирден текшербей туруп макулдук бергенбиз. Биз бир да документтерди бирден текшерип карап чыккан эмеспиз. Бул документтерге биринчи замгубернатор Ж.Эгамбердиева жооп берет” – деген жообун берген.

Беш жыл аралыгында тергөөчүлөр: Э.Нариев, А.Иметов, Н.Джусуповтор 282-13-0004 сандуу кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Ибрагим Жунусовду бир да жолу сураган жок. Ал эми тергөөчү Н.Джусупов болсо, “И.Жунусов Түркияда элчи болуп жүрөт, ошол себептен сурай албайм” – деген шылтоо менен аны суракка алууга аракет да жасабады. Социалдык тармактарда И.Жунусов Бишкекке келип-кетип жүргөнү боюнча маалыматтар байма-бай чыгып жатты. Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү Өкмөттүн №275 токтомунун Жобосуна таптакыр туура келбеген документтерди дыкат текшербей, мамлекеттик дирекциянын үйлөрүн өз алдынча коррупциялык жол менен бөлүштүргөндүгү батир алган адамдардын документтери менен далилденип турат. Бирок, бул мыйзам бузууну тергөөчүлөр менен прокурорлор көргүсү да, уккусу да келбей жатышат. Ушунусу менен алар өздөрү коррупциялык иштерди жабууга кызыктар болушуп, мыйзамдан материалдык кызыкчылыкты жогору коюша тургандыктарын далилдеп жатышат.

Мыйзамсыз берилген батирлер боюнча Кыргыз  Республикасынын Президентине, Башкы прокурорго, Жогорку кеңештин төргасына,  Өкмөт башчыга 2012-жылдан бери жылына 2-3 жолу арыз жазылат. Ал арыздар кайра эле Жалал-Абад облустук прокуратурасына жиберилип, алар тарабынан тергөөчүлөргө көрсөтмө берилгени менен алар атайылап убакытты өткөрүшүп, аталган кылмыш ишти токтотуп коюшат же кыскартып салышат. Бул ишке КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жооптуу кызматкерлери аралашкандыктан, алар тарабынан бул ишти кыскартууга кызыктар болгон жетекчилер да болуп жатат. Себеби, ошол мезгилде мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон Жумагүл Эгамбердиева Жалал-Абад облусун башкарган биринчи орун басар болсо, кийин Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 3 жыл иштеп турду. Мурдагы президенттин терең ишенимине кирип, өтө чоң колдоосуна ээ болгондуктан, бул кылмыш иштин тергөөсүнүн бүтүшүн каалабаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар экени да белгилүү болчу.

ОшМУда 2012-жылы 28-ноябрда Жумагүл Эгамбердиева Жалал-Абад облусунун губернаторунун 1-орун басары болуп туруп, өзүнө тиешелүү болгон адамдардын документтерин Өкмөттүн токтомуна туура келбесе да Мамлекеттик комиссияга алып барып, тизмеге киргизип, аларга батирлерди бөлүп берүүгө чоң салым кошкон. Ал Жалал-Абад облусунда губернатор болуп иштеп туруп, Жалал-Абад шаарына 10 млн. сомго тете болгон 3 кабат үй салганын укук коргоо органдары текшерүүдөн баш тартышкан. Ал өзүнүн үй-бүлөлүк бюджети менен мындай заманбап көп кабаттуу үйдү бир жылда салууга кудурети жетмек эмес. Ошол учурда кирешесин текшерткенде, анын үй-бүлөсүнүн тапкан кирешелери ал үйдү салууга кеткен каражатка дал келген эмес. Бирок, облустук прокуратура муну текшерүүдөн баш тарткан. Себеби, Ж.Эгамбердиева мурдагы президенттин терең ишенимине кирип алгандыктан, эл арасында айтылып жргөн: “Эгембердиеваны губернеторлук кызматтан албайсыңар, алсаңар да башка кызматка коёсуңар” – деген колдоо сөзү үчүн, ал өзүнүн коррупциялык иштерин жаап-жашырып, анан бир кызматтан, экинчи кызматка секирип келе жатат.

Мамлекеттик комиссиянын ишине ошондогу  КР Вице-премьер министри болуп иштеген Камила Талиева да катышып отурган. Бирок, ал комиссиянын ишине эмне себептен катышканы бизге дале белгисиз бойдон калууда?.. К.Талиева Комиссиянын мүчөсү да, төрагасы да болгон эмес. Муну тергөөчүлөр тактаган да жок.

Ошондой эле, Мамлекеттик комиссиянын ишине Сузак районунун акиминин орун басары Айсалкын Рахманкулова замгубернатор Жумагүл Эгамбердиеванын жарадамы менен катышып, Сузак району боюнча адамдардын тизмесин Мамлекеттик комиссияга сунуштаган. Өкмөттүн токтомунда Комиссия мүчөсү болбогон адам өз алдынча сунуш бере алат деген эрежеси жазылган эмес. Тилекке каршы, Сузак районунда Өкмөттүн №275 токтомунун негизинде жергиликтүү комиссиясы жана Жобосу жок. Алар протоколдорду өздөрү билгендей жазып, Өкмөттүн жокко чыгарылган №295 токтомунун негизинде түзүлгөн жергиликтүү комиссиянын төрагасы Бекболот Ибрагимов менен анын катчысы гана кол коюп коюшкан. Ошол протокол менен Сузак районунан турак-жайы бар жарандар да Жалал-Абад шаарынан батирлүү болушкан. Муну да тергөөчү Н.Джусупов текшерүүгө алган жок. Болгону Б.Ибрагимовдон түшүнүк кат алуу менен ишти жабуунун аракетин жасаган. Себеби, тергөөчү Сузак райондук жергиликтүү комиссиянын Өкмөттүн №275 токтомунун негизинде түзүлбөгөндүгүн жана алардын протоколдору мыйзамды бузууга баргандыгын билип туруп, алардын актануусуна өзү көмөктөшкөн.

Мамлекеттик комиссияга КР Президентинин аппаратынын социалдык бөлүмүн башчысы болуп иштеп турган Иман Досбаевдин бир тууган иниси Аман Досбаевге батир бөлүп берүүгө Жумагүл Эгамбердиева түздөн-түз жардам бергендиги анын документтеринен эле көрүнүп турат. Себеби, 2012-жылы 23-ноябрда Аман Досбаевдин документтери Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын атынан факс менен Жалал-Абад облустук мамлкеттик администрациясына жиберилген. Ал факс менен алынган документтерди Ж.Эгамбердиева коркпостон туруп 28.11.2012-жылы Мамлекеттик комиссияга батир алуучулардын тизмесине киргизип, аны да алдыңкы катарда сунуштаган. Тергөөдө турган документтерди карап жатып, кызыктуу фактыларга туш болдум. Аман Досбаев 2010-жылы 19-майда кечинде Жалал-Абад облустук ооруканасынын жанында 3-4 кишиден таяк жеп, бирок эч кандай медициналык жардам албай эле, 2 жыл өткөндөн кийин майыптык алган. Азыркы учурда 3-бөлмөлүү батир алган Аман Досбаевдин Чаткалдан факс менен келген документтери өчүп, эмне жазуу жазылганы билинбей да калган. Ал документтердин түп нускасы да жок болуш керек. Бул документтердин түп нускасын табууга тергөөчү Н.Джусупов аракет да жасаган жок. Жазылган арыздарда келтирилген далилдер текшерилбей, кагаз жүзүндө эле калып кетти.

Дагы бир кызыктуу фактыга токтоло турган болсом, 2011-жылы Токтогулда авариядан бутун сындырып алган Тайгараев айылынын тургуну Мейликан Бүркүтова, “2010-жылы 13-майда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынынын кире беришинде 3-4 кишиден таяк жегемин” - деп жабырлануучу катары 2-бөлмөлүү батир алган. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү комиссиянын төрагасы Жеңиш Эрназаров Тайгараев айлынан болгон үчүн М.Бүркүтовага жардам бергени көрүнүп эле турат. Бүркүтованын эч кандай окуяга тиешеси жок экенин билип туруп, тергөөчү Н.Джусупов бул фактыны андан ары текшерүүгө алган да жок.

Жогорудагыдай фактыларды айта берсе толтура. Алардын баарын бирден жазсаң кагаз да түтпөй кетет. Батир алгандардын көпчүлүгүнүн тергөөчү тарабынан жабырлануучу деп тапкан токтомдору да жок. Сузак районунун тургундарынын айрымдарынын, турак үйлөрү, жер участоктору болгонуна карабай мамлекеттик каттоо кызматынан жасалма тактамаларды алышкандыгын тергөөчүлөр өздөрүнүн токтомдорунда так аты жөнүн жазып келишет. Өкмөттүн токтомунда биринчи жергиликтүү комиссия түзүлүп, анын Жобосу жергиликтүү кеңештерде бекитилиши керек болчу. Ошол түзүлгөн жергиликтүү комиссия келип түшкөн документтерди карап, комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгондон кийин гана Мамлекеттик комиссияга сунушталышы керек болчу. Токтомду бузуу жолу менен документтер мамлекеттик комиссияга сунушталып жатса да, ага аты эле бар, заты жок Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү көңүл буруп карамак түгүл, ойлонуп турбай кол көтөрүп, турак-жайы бар, 2010-жылдагы май, июнь окуяларына тиешеси жок эле адамдарга батирлерди бөлүп берүүгө алар жөндөн-жөн эле салым кошкон жок. Себеби, 2012-жылдын 27-ноябрь күнү кечинде баштык-баштык белектерди А.Раманкулова ташып жаткандыгын ошондогу Ошто лагерде жашаган аялдар көрүшкөнүн айтышкан болчу. Аны көрбөгөндөн кийин, колуң менен кармап албагандан кийин азыр далилдеп бере да албайсын. Бирок, ошол айтылган сөз мыйзамсыз үй алгандардын документтери менен далилденип турбайбы. Комиссиянын иши жаш баланын чала жасаган ишиндей эле болгонун тергөөчүлөр да, прокурорлор да көрүп туруп ага чара колдонбой келе жатышат.

Жалал-Абад облустук райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Мажитов өзүнүн чечичми менен “Мамлекеттик комиссиянын 2012-жылдын 28-ноябрындагы №7/2 Протоколу мамлекеттик акт болуп эсептелбейт”- деп,  ишти кыскартып жатса, анда 60 адам кайсы документтин негизинде бул үйлөргө кирип жашап, аны каалаган суммага сатып жатышат? – деген мыйзамдуу суроо туулат. Бул суроого прокуратура органы, тергөө органдары да жооп бергилери келишпейт.  

Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясы мыйзамсыз берилген батирлерди мыйзамдаштырууга өздөрү кызыктар болуп, шаардын мэри С.Авазов менчикке берүү боюнча 51 адамга токтомдорду чыгарып берген. Ошол себептен, мыйзамсыз берилген батирлерди 5 жылдан бери чекесинен сатып жатышат. Кылмыш иши ачылган эле, бир жыйынтык чыкканга чейин сатууга болбойт деп тергөөчүлөр ал көп кабаттуу үйдү камакка алууга аракет да жасашпады. Кайра батирлерди сатууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү көмөктөшүп келишүүдө.

Бул иликтөөнү жазууда толтура документтер топтолду. Анын баарын макалага кошууга мүмкүн эмес. Себеби, мен бул иштин башынан бери өзүм документтерди топтоп, Токмомго ылайыктуу кылып даярдап, анан Мамлекеттик комиссияга сунушталган. Мен, 1996-жылдан баштап журналистика тармагында иштеп, 1998-жылы жер участок алуу үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясына документтерим тапшырылган. 2010-жылдагы окуяларда журналисттик ишти жасап жүрүп бир нече жолу ОБОНдордун ур-токмогуна кабылып жабырлануучу болгомун. Майыптык алууга аракеттенбей эле, эч кимге белек-бечкек бербеген үчүн менин документтеримди Мамлекеттик комиссия карап чыгып, “Жобого туура келбейт, майыптыгы жок” деген чечимдерди чыгарышкан.

Жада калса, документтерди даярдап жатып, бир тактама алуу үчүн мага бөлүнгөн 4 сотых жер участогун Жалал-Абад шаардык архитектурасы 2 жолу өз колум менен арыз жаздыртып туруп, тартып алып коюшкан. Азыркы учурда “кой терисин жамынган карышкырлар” бийликте отурушкандыктан, ушундай мыйзамсыз иштер дале уланып келе жатат.

Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча ЭКККМКБнүн ӨМИ тарабынан ачылган 282-13-0004 сандуу кылмыш иштин тергөөсүн өндүрүштөн кыскартуу жөнүндөгү тергөөчү Н.Джусуповдун 23-ноябрь, 2017-жылдагы кабыл алган токтомун жокко чыгарып берүүнү, аталган кылмыш иштин тергөөсүн кайрадан жандандырып, кылмышты бүткөрүп, сотко өткөрүп берүүнү өтүнүп КР Президентине, Башкы прокурорго,Өкмөт башчыга арыз менен кайрылганбыз Бул ишти Башкы прокуратура өзү көзөмөлгө алып, азыркы учурда аталган кылмыш иш текшерүүдө турат.

Ал эми 282-13-0004 сандуу кылмыш иштин тергөөсүн өндүрүштөн кыскартуу жөнүндөгү мыйзамсыз токтомдорду кабыл алган тергөөчүлөр: Н.Нариевди, А.Иметовду, Н.Джусуповду жоопкерчиликке тартууну, бул ишке күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлер: Ж.Эгамбердиева, К.Кадырова, А.Раманкулованын үстүнөн кылмыш ишин ачып,  жоопкерчиликке тартуу суранычыбыз аткарылабы, же жокпу аны мезгил көрсөтөт.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча програмасынын алкагында курулган турак-жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы №7/2 протоколун жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин 9.06.2014-жылдагы №1 токтомунун Жалал-Абад шаарындагы Курманбек №10а көчөсүндөгү курулган көп кабаттуу үйдү менчиктерштирүүгө уруксат берүү жөнүндөгү бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча сот ишинин кароосу азыр Жалал-Абад облустук сотунда 2 айдан бери кароосуз жатат.  

Тергөөчүлөр менен соттор качан бир жыйынтык чыгарып, мыйзамсыз берилген батирлер кайра мамлекетке кайтарылып алынат муну мезгил көрсөтөт. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү реформасынын жел аргысы менен бул иш да оң жагына чечиллип калаарына үмүт артып күтө туралы.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21