KELECHEK

Момбеков: Кытай компартиясы КСДПга 1 млн. сом бөлдү

Момбеков: Кытай компартиясы КСДПга 1 млн. сом бөлдү

Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына жардам иретинде 1 млн. сом бөлдү. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттык” радиосундагы “Арай көз чарай” талкуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. Ал гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы ыктымалдыгын айтты.

- Партияга жардам иретинде 1 млн. сомдун тегерегинде гранттык каражат келген экен. Партиянын ишмердигине, кеңсесин каржылоого, Форумдагы партиянын жыйындар залын оңдоого жумшалат деген маалымат уктум. Эми кандай жардамдар келип, ал кандай жумшалып жатканы тууралуу курултайда отчет берилсе керек. Бул партиянын жетекчилери жооп бере турган суроо.

Момбеков курултайда партияга кандай жардамдар келгени тууралуу маалымат айтылышы ыктымалдыгын да кошумчалады.

Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов бул тууралуу маалымат бере албасын айтты.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленген.

КСДПнын отуруму бир нече жолу жылдырылган. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак курултайда Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берерин, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын билдирген.

Төраганы бекитүүдөн башка курултайдын күн тартибине кайсы маселелер киргени расмий айтыла элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек...

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек...

Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы КР Презинденти тарабынан КР Башкы прокурору кызмат ордуна...

CАЯСАТ 2018-04-24  15:11

Жогорку Кеӊеш жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын...

Жогорку Кеӊеш жаӊы Өкмөттүн программасын, анын түзүмү менен курамын...

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаӊы Өкмөттүн программасын,...

CАЯСАТ 2018-04-20  22:17

Президент Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирди

Президент Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирди

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду.

“Мамлекет...

CАЯСАТ 2018-04-19  21:22

Парламенттик оппозиция өкмөттүн ишине канааттанган жок

Парламенттик оппозиция өкмөттүн ишине канааттанган жок

Бүгүн Жогорку Кеңештеги азчылыкты...

CАЯСАТ 2018-04-18  10:49

Назарбаев менен Путин Сириядагы абалды талкуулады

Назарбаев менен Путин Сириядагы абалды талкуулады

Архив сүрөт.

17-апрелде Казакстан жана Орусия президенттери Нурсултан Назарбаев менен Владимир...

CАЯСАТ 2018-04-18  11:22

Социалдык түйүндөрдө Жээнбековдун катардагы каттам менен учканы...

Социалдык түйүндөрдө Жээнбековдун катардагы каттам менен учканы...

Социалдык түйүн колдонуучулары Кыргызстандын президенти...

CАЯСАТ 2018-04-16  20:24