KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-мартта шахмат боюнча дүйнө чемпиону жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Карпов менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Анатолий Карповго Кыргызстанга кезектеги келиши жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогуна балдар арасында шахмат боюнча V мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мелдеш өлкөдөгү шахмат оюнун өнүктүрүүгө маанилүү дем бергенин жана шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону Анатолий Карповдун экинчи жолу катышуусу мелдештин популярдуу болуп баратканынын далили экенин белгиледи.

«Сиздин колуңуздан сыйлык алган балдар үчүн бул эстен кеткис окуя болот», - деп белгиледи Президент.

Шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов Мамлекет башчы менен болгон баарлашуу учурунда Кыргызстанда шахматка болгон өзгөчө балдар арасында абдан чоң кызыгуу байкалып жатканын белгиледи.

«Шахматка кызыгуу аябай өстү. Былтыр турнирге 250 бала катышса, быйыл алардын саны 400гө жетти. Булардын ичинде эң эле кичинекей, татынакай балдар бар. Ийгиликтер да бар, бир бала дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстанда абдан таланттуу балдар бар, мен алардын мындан аркы өсүшүнө жардам беребиз деп ойлойм», - деди Анатолий Карпов.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Анатолий Карпов 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде балдар арасында шахмат боюнча Кубок өткөрүү, андан соң Кыргызстанда А. Карпов шахмат Академиясын ачуу маселелелери боюнча пикир алмашышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

2026-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт

2026-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада...

СПОРТ 2018-06-14  15:07

Путин футбол чемпионатында Киев чабуул жасаса, кеспети оор болорун...

Путин футбол чемпионатында Киев чабуул жасаса, кеспети оор болорун...

Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионаты...

СПОРТ 2018-06-08  15:42

ФИДЕ президенти Өзбекстанды шахматтын мекени деп жарыялоону...

ФИДЕ президенти Өзбекстанды шахматтын мекени деп жарыялоону...

Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) президенти Кирсан Илюмжинов Өзбекстанды...

СПОРТ 2018-06-07  14:16

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы өтөт

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы өтөт

Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн...

СПОРТ 2018-05-29  15:36

ЖАЛАЛ-АБАДДА УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ВЕЛОЖҮРҮШ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ВЕЛОЖҮРҮШ ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган “Мен атамды жана агаларымды эскерем”...

СПОРТ 2018-05-08  20:14

Быйыл оор атлетика боюнча дүйнө биринчилиги Түркмөнстанда өтөт

Быйыл оор атлетика боюнча дүйнө биринчилиги Түркмөнстанда өтөт

Олимпиада комплекси, Ашхабад

Быйыл 28-октябрдан 10-ноябрга чейин Ашхабадда оор атлетика боюнча...

СПОРТ 2018-04-12  19:51

Ошто жазгы массалык чуркоо болот

Ошто жазгы массалык чуркоо болот

Ошто 14-апрель күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот. Ага Ош шаарындагы...

СПОРТ 2018-04-12  23:57