KELECHEK
rek

Орусиядагы шайлоого жарандардын катышуусу 67% ашты

Орусиядагы шайлоого жарандардын катышуусу 67% ашты

Жекшембиде өткөн Орусиядагы президенттик шайлоого добуш берүү укугуна ээ жарандардын 67 пайыздан ашыгы катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

Маалыматка караганда, Владимир Путинге шайлоочулардын дээрлик 77% же 55 миллиондон ашыгы добуш беришкен. Экинчи орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,7%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59, «Яблоко» партиянын негиздөөчүсү Григорий Явлинскийге 1 пайызы добуш берген. Калган үч талапкер (Борис Титов, Максим Сурайкин жана Сергей Бабурин)бир пайызга жетпеген добуш топтогон.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо ачык жана мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирди.

Орусиянын ар кайсыл аймактарындагы байкоочулар бюллетендерди тобу менен салуу, студенттер менен бюджетте иштегендерди шайлоого катышууга мажбурлоо жана байкоочулардын ишине тоскоолдук жаратуу өңдүү мыйзам бузуулар болгонун билдиришти. Кээ бир байкоочулар аларга кысымдар болуп, тилкелерде иштөөсүнө мүмкүндүк берилбегендигин айтышты.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келатат. 13 жыл өлкө президенти болсо, дагы төрт жыл өкмөт башчы болуп иштеген. 18-мартта шайлоодон кийин Путин азырынча Конституцияны өзгөртүүнү пландабаганын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлиги тууралуу ойлоно электигин билдирди. Ал бардык билдирүүлөр инаугарациядан кийин болорун кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52