KELECHEK

Аксы окуясынын 16 жылдыгы белгиленди (ФОТО)

Аксы окуясынын 16 жылдыгы белгиленди (ФОТО)

«Аксы окуясы мамлекетибиздин тарыхында өзгөчө орунда турат», – деп билдирди 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында орун алган Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2002-жылы дал ушул жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырган кайгылуу окуясы болуп өткөн эле.

«Бүгүн баарыбыз ошол күнү мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыгып, курман болгон эр-азаматтарыбызды эскерип отурабыз. Биз эскерип жаткан балдар сырткы душмандардын колунан эмес, бийликтин колунан каза табышкан. Өзүбүздүн бийликтин өз элине каршы чыккандыгы баарыбызды катуу өкүндүрөт. Өз кызыкчылыгы үчүн чыккан ал кезектеги бийлик өзүнүн чыныгы кара ниет жүзүн ушул жерден көрсөткөн», – деди Сапар Исаков жана мындай бийликтин көпкө созулбай тургандыгы айдан ачык экендигин кошумчалады.

Премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн, эл бийликтин булагы экендигин баса белгиледи.

«Аксы окуяларынын мамлекеттик мааниси тарыхыбызда өзгөчө орунда турат. Соңку жылдары Кыргызстанда, турмуш оңолуп бара жатат. Мектептер, бала-бакчалар, электр-чубалгылары жана башка инфраструктуралар салынып жатат. Мындан ары биз муну менен чектелбейбиз. Биздин Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасында эң негизги үч кадамга өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Биринчи кадам – таза суу маселеси, экинчиси – ирригация маселеси, үчүнчүсү болсо "Таза Коом" долбоору. Бул долбоор аркылуу биз Кыргызстанда коррупцияны түп тамырынан жок кылалы деген ниетибиз бар. Ал үчүн калыс караган калайык журтубуздун колдоосу менен алдыга коюлган максатка жетишүүбүз зарыл», – деп эсептейт Сапар Исаков.

Эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Аксы районунун тургундары катышты.

Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иретинде куран түшүрүлдү.

Өкмөт башчы Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кербен шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун клиникалык-биохимиялык лабораториясынын иши менен таанышып чыкты.

Аны көрүп чыгуу учурунда Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга клиникалык-биохимиялык лабораторияны капиталдык реконструкциялоо жана жаңы медициналык жабдууларды алуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын...

Аймак 2018-05-23  13:59

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

19-май күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине...

Аймак 2018-05-23  14:27

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды...

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды...

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев үстүбүздөгү жылдын...

Аймак 2018-05-21  11:35

КЫРСЫКТАН КОРГОНУУ ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮЛДҮ

КЫРСЫКТАН КОРГОНУУ ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮЛДҮ

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдар мезгилинде калкты коопсуз аймактарга көчүрүү, атуулдарга эң керектүү...

Аймак 2018-05-20  19:03

Аксы хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Аксы хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Аксы хатибияты ЖКККБ менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрүп, жол эрежеси боюнча...

Аймак 2018-05-18  07:54

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

Токтогул районундагы “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 50дөй кызматкери...

Аймак 2018-05-16  19:20

Өкүл Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун...

Өкүл Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун...

Бүгүн, 8-май күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Аймак 2018-05-08  20:43