KELECHEK

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Болжолдуу маалыматтар боюнча шайлоодо 76 пайыздан көп добуш менен жеңишке жеткен Орусиянын президенти Владимир Путин тарапкерлерине ыраазычылык билдирип, жаңы мөөнөтүндөгү пландары жөнүндө айтты.

Путин азырынча Конституцияны өзгөртүүнү пландабаганын жана жаңы премьер-министрдин талапкерлиги тууралуу ойлоно электигин билдирди. Ошол эле маалда ал учурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин кызматта калар-калбасы жөнүндө берилген суроого жооп берген жок.

Путин дагы бир президенттик мөөнөт тууралуу суроону «бир аз күлкүлүү» деп атады: «Мен эмне, 100гө чыкканча отурмак белем? Андай болбойт».

Андан мурдараак Москванын Манежный аянтында өткөн «Орусия. Севастополь. Крым» деп аталган митингде сүйлөгөн Путин шайлоого катышкан бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирген.

"Силер – биздин жалпы командабызсыңар. Бүгүн добуш берген жарандардын бардыгы – биздин жалпы улуттук чоң командабыз болуп эсептелишет", – деген ал.

Андан соң Путин өлкөнү биримдикке чакырып, «Орусияны ийгиликтер күтүп турганын» айтты.

Бюллетендердин 80 пайызы саналып бүткөндөн кийин Путин 76,18% менен алдыда. Экинчи орунда Коммунисттик партиянын талапкери Павел Грудинин ( 12,3%) келатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда...

Шайлоо 2018-05-04  04:29

Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

Ереван, Республика аянты, 23-апреля 2018-жыл

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициялык...

Шайлоо 2018-04-24  16:00

КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги...

Шайлоо 2018-04-16  20:31

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо...

Шайлоо 2018-04-12  19:27

Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстанда парламенттик шайлоого...

Шайлоо 2018-03-12  11:54

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжан президенти Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоону 11-апрелге дайындады. Октябрга...

Шайлоо 2018-02-06  05:18

"Шайлоочулар көтөрүлүшүндө" кармалган демонстранттардын саны 250дөн...

Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган...

Шайлоо 2018-01-30  06:16