KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА РЕСПУБЛИКАЛЫК УНИВЕРСИАДА ӨТҮҮДӨ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАДДА РЕСПУБЛИКАЛЫК УНИВЕРСИАДА ӨТҮҮДӨ (ФОТО)

Өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттер арасындагы универсиада областтар арасынан биринчи ирет Жалал-Абад шаарында өтүп жатат. Кечээ 13-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Эл Аралык Университетте жогорку окуу жайлар арасындагы республикалык универсиаданын салтанаттуу ачылышы болду.

Бул спорттук мелдештерге ар кайсы аймактардагы 17 жогорку окуу жайларынан келишкен командалар катышууда. Жалпысынан суденттерден турган 19 команда спорттун 6 түрү – волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, бокс боюнча биринчи лигада беттешишет. Ал эми спорттун калган түлөрү боюнча оюндар Бишкек шаарында өткөрүлүүдө. Жалпысынан универсиадада спорттун 15 түрү боюнча жарыш жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин универсиада дайыма борбор калаада гана өтүп келген, эми ал биринчи жолу аймактардан Жалал-Абад шаарында өткөрүлүп жатат. Мындан ары универсиаданы өткөрүү аймактарга эстафета катары берилмекчи. Уюштруучулардын айтымында, келерки 2019-жылда Ош областында өткөрүү пландалган, ал эми Жалал-Абаддагы универсиадалык оюндар 17-март күнү аягына чыгат. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин болуп өткөн универсиадаларда Жалал-Абад шаарындагы Эл Аралык Университетинин балдарда турган валейбол командасы биринчи орунга, ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыздардан турган тогуз коргоол командасы экинчи орунга жетишкен.

Аталган республикалык спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү быйыл Россия федерациясынын Краснодар шаарында болуучу студенттер арасындагы дүйнөлүк универсиадага катышышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20