KELECHEK
rek

Шайлоо алдында Орусияда бюджетте иштегендердин маянасы кескин жогорулады

Шайлоо алдында Орусияда бюджетте иштегендердин маянасы кескин жогорулады

Жыл башынан бери Орусияда дарыгерлердин, окутуучулардын жана илимий кызматкерлердин айлыктары бир нече эсеге жогорулады. Бул тууралуу РБК басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, Москвадагы Боткин атындагы клиникалык ооруканада маяна эки эсеге өссө, Гельмгольц атындагы көз ооруларын изилдөө институтунун кызматкерлери үч эсе көп айлык ала башташкан. Ошондой эле аймактарда дагы дарыгерлердин эмгек акысы кескин жогорулаган.

Андан тышкары жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын дагы айлыгы көбөйгөн. Москва мамлекеттик университетиндеги активисттердин эсептөөлөрү боюнча, окуу жайдын бүтүндөй илимий жана окутуучу курамы беш эсе көп айлык алышкан.

Москванын экономикалык саясат департаментинен президент Владимир Путиндин «май жарлыктары» аткарылып жатканын билдиришти. 2012-жылы майда Владимир Путин президенттик кызматка киришип жатып, «май жарлыктары» деген аталыш менен белгилүү болгон 11 документке кол койгон. Алар орусиялыктардын жашоосун жакшыртууга, анын ичинде мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көбөйтүүгө багытталган. Өткөн жылы декабрдагы маалымат жыйында Путин ал жарлыктар 94 пайызга аткарылганын билдирген.

Росстаттын маалыматына караганда, январга карата Орусия боюнча дарыгерлердин орточо айлыгы 28% (72 рублге чейин), илимий кызматкерлердики 37% (87 миң рублге чейин), жогорку окуу жайлардын окутуучуларыныкы 21% (77 миң рублге чейин) жогорулаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...