KELECHEK
rek

Өзбек-тажик чек арасы миналардан тазаланат

Өзбек-тажик чек арасы миналардан тазаланат

Өзбек-тажик чек арасындагы «Гүлбахор» көзөмөл өткөрүү бекети. Февраль, 2018-жыл.

Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөрү 2019-жылдын соңуна чейин эки өлкө чек арасын миналардан тазалоо иштерин аяктоо тууралуу макулдашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон сапары маалында кол коюлган достук жана ынак коңшулук тууралуу биргелешкен билдирүүдө жазылган.

Чек арадагы тоолуу аймактарга мина коюу иштери 1999-жылы "Өзбекстан ислам кыймылы" экстремисттик тобунун согушкерлери Өзбекстандын Сурхандарья облусуна өтүүгө аракет кылган маалда коюла баштаган.

Мина маселелери боюнча тажик улуттук борборунун маалыматы боюнча, 1999-жылдан 2011-жылга чейин чек арадагы миналардын жарылуусунан 160тан ашык киши жабыркап, 76сы өлгөн. Алардын 15и балдар жана бешөө аялдар болушкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...