KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАЗГЫ ИШТЕР КҮЧӨДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАЗГЫ ИШТЕР КҮЧӨДҮ

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгында жазгы айыл чарба иштери кызуу башталып, учурда жазгы айдап-себүү, техникаларды даярдык абалына келтирүү багытында аракеттер болууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Быйыл карамактагы 1483 гектар айдоо аянттарына ар кайсы эгиндерди эгүү пландаштырылган. Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында 20 гектар аянтка күздүк буудай, дагы ошончо аянтка күздүк арпа себүү иштери жүргөн. Эми ушул айдан баштап дыйкандар 10 гектарга жаздык арпа, 283 гектарга дандык жүгөрү, 129 гектарга май өсүмдүктөрүн, 235 гектарга жашылча, 50 гектарга картошка, 2 гектарга бахча өсүмдүктөрүн, 635 гектарга көп жылдык чөп, 9 гектарга күрүч айдашмакчы.

Жазгы иштердин талаптагыдай жүрүшү үчүн дыйкандар күн жылый баштагандан бери колдо болгон 92 даана айыл чарба техникаларын даярдык абалына келтире башташкан. Мында негизинен 28 дөңгөлөктүү трактор, 12 автоунаа, 8 чиркегичтер, 8 соко комплектиси, 8 культиватор, 6 сепкич комплектиси, 6 мала, 2 комбайн, дагы 2 атайын техникалар пайдаланылмакчы.

Жазгы иштерди ойдогудай өткөрүү үчүн шаар мэри атайын буйрук чыгарып, айдап-себүү иштерин уюштуруу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча 5 кишиден турган шаардык штабдын курамын бекиткен. Аны шаар мэринин биринчи орун басары Турдалы Темирбаев жетектеп, курамга тийиштүү тармактык жетекчилер жана адистер киришти.

Негизги көңүл дыйкандарды жеткиликтүү күйүүчү жана майлоочу майлар, минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууга, сугат иштерин жакшы алып баруу үчүн ирригациялык жабдууларды жакшы даярдыкка келтирүүгө, тамчылатып сугаруу ишини колго алууга, экспорттук багыттагы продукция өндүрүүгө, ар бир айылда айыл чарба кооперативин уюштурууга, жеңилдетилген ыңгайлуу насыяларды берүүгө , насостук кудуктарды, автотехникалык сервистерди камсыз кылууга бурулмакчы.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкаруусу илгери союз мезгилинде Сузак районуна караштуу Тайгараев атындагы жашылчачылык совхозу болчу. Анда жылына 6 миң тонна помидор, 50 тоннадан ашуун жашылча үрөнү, башка да көп көлөмдө жашылча продукциясы алынчу. Азыркы тапта жыл бою бул аймактын дыйкандарына 30 тонна жер семирткич, 40 тонна күйүүчү май талап кылынат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13