KELECHEK

Бешбармак жасоонун видеотасмасы Гиннеске жиберилет

Бешбармак жасоонун видеотасмасы Гиннеске жиберилет

Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Гиннестин рекорддор китебине кыргыздын бешбармагын киргизүү талаптары боюнча демилге ээси Гиннестен эки өкүл чакырууга же процесс тартылган видеотасманы аларга жиберүүгө тийиш:

- Эгер өкүл чакырсак, алардын ар бирине он миң доллардан гонорар төлөп, виза ачтырууну жана жол киресин кошо санаганда ар бирине он алты миң доллардан сарптап калат экенбиз. Ошондуктан биз экинчи талабын - бешбармак даярдоонун бардык процессин видеотасмага алып, аны англис тилине которуп, Гиннеске жиберүү талабын тандап алдык. Ага ылайык, биздин ишибизге белгилүү он медиа өкүлчүлүгү, Швециядан келген эки ашпоз күбө болуп, алардын катышуусу менен жылкы союлгандан тартып, бардык процесс видео тасмага алынды. Буюрса, "Арт" студиясы даярдаган видеотасма бүгүн-эртең Гиннеске жиберилет.

Элнура Кулуеванын айтуусунда, кыргыздын бешбармагын дүйнөлүк рекорддор китебине киргизиш үчүн алардын бардык талаптары сакталып, жасалды. 1 тонна 464 кг бешбармак жана 117 метр чучук жасоого 40тан ашуун ашпозчулар, жүздөгөн ыктыярчылар катышты.

Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпысынан бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.

Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорддор китебине киргени кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Голливудда «Алтын глобус» кино сыйлыгынын мыктылары аталды

Голливудда «Алтын глобус» кино сыйлыгынын мыктылары аталды

Леди Гага «Алтын глобус» менен (архив сүрөт)

Лос-Анжелесте «Алтын глобус» кино...

МАДАНИЯТ 2019-01-07  02:43

Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр

Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр

Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун...

МАДАНИЯТ 2018-12-25  06:06

Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялады

Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялады

Мындай чечим 18-декабрь күнү Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙгө мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу...

МАДАНИЯТ 2018-12-21  06:09

"Айка" фильми "Оскардын" кыска тизмесине кирди

Кыргыз мигранттын тагдырын...

МАДАНИЯТ 2018-12-18  16:05

"Азаттыктын" Айтматовго арналган сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

"Мен билген Айтматов" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учуру. Бишкек. 6-декабрь,...

МАДАНИЯТ 2018-12-07  05:19

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү...

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү...

Өзбекстанда "PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылуу...

МАДАНИЯТ 2018-12-04  05:18

Алматыда World Press Photo-2018 жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Алматыда World Press Photo-2018 жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Алматыда World Press Photo деп аталган эл аралык фотожурналистика сынагынын...

МАДАНИЯТ 2018-11-30  20:28