KELECHEK

Өзбекстанда ымыркайын өлтүрүүгө шектелген студент кыз кармалды

Өзбекстанда ымыркайын өлтүрүүгө шектелген студент кыз кармалды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Кизирик районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Наристенин сөөгү 7-мартта жергиликтүү балык чарбаларына тиешелүү көлмөнүн жээгинде табылган.

Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы педагогикалык колледждин студенти кармалды. Окуу жайдын жетекчилиги облус акимчилигине чакыртылды.

Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик Кизирик районундагы колледждердин бардык студент кыздарын мажбурлап, гинекологго көрүнүүгө жөнөтүүдө.

Мааледеги активисттердин биринин айтымында, студент кыз өз алдынча төрөп, ымыркайын думуктуруп өлтүрүп, көлмөнүн жээгине алып барып таштаган. “Мен анын атасын тааныйм. Мурун ал биздин райондо тракторист болуп иштечү. Кийин Орусияга кеткен. Кыз ата тарбиясын көргөн жок. Эмнени кааласа ошону жасачу”, –деди ал.

Бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды

Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин...

Москвада лифтте кызга асылган өзбек мигранты кармалды

Москвада лифтте кызга асылган өзбек мигранты кармалды

Орусияда полиция лифтте 29 жаштагы кызга асылды делген 35 жаштагы өзбекстандык...

Бишкекте конвойдун жоокери сот имаратында өзүн атып алды

Бишкекте конвойдун жоокери сот имаратында өзүн атып алды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой...

Мексикада 101 жүргүнчүсү бар учак кулап түштү, каза болгондор жок

Мексикада 101 жүргүнчүсү бар учак кулап түштү, каза болгондор жок

Мексикада Aeroméxico авиакомпаниясынын Дуранго — Мехико багыты боюнча учкан Embraer 190 учагы кулап...

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналисттер каза болду

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналисттер каза болду

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана...

ИМ тобу Тажикстанда туристтерге кол салган тарапташтарынын видеосун...

ИМ тобу Тажикстанда туристтерге кол салган тарапташтарынын видеосун...

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Тажикстандагы кол салууга жоопкерчилик алып, аны...