KELECHEK

Тажикстан менен Өзбекстан 30 күн визасыз катташуу боюнча макулдашты

Тажикстан менен Өзбекстан 30 күн визасыз катташуу боюнча макулдашты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы кабарлады.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунда жалпы 27 документке кол коюлганы, алардын ичинде чек аралардагы өткөрмө пункттарды жандандыруу жана Ташкент менен Дүйшөмбү шаарларынын каттамдарын ачуу келишимдери да бар.

Президенттердин сүйлөшүүсү учурунда өткөн жылы эки кошуна мамлекет 240 млн долларлык соода кылганы, бул сумманы келерки жылы эки эсе көтөрүү пландары бары айтылды.

Өзбекстандын башчысы аймактык кызматташтык жөнүндө да сөз кылып, анда Ташкент Тажикстандын Рогун ГЭСин курууга да катышып калуусу мүмкүн экенин билдирди. Ал эми тажик президенти тажик-өзбек мамлекеттери ортосунда “тарыхый келишимдер” жетишилгенин айтты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга эки күндүк иш-сапар менен 9-мартта барды. Өзбек лидери Дүйшөмбүгө акыркы ирет 18 жыл мурда барган. Бирок эки тарап эң жогорку деңгээлдеги - мамлекеттик сапар биринчи ирет болуп жатканы расмий белгиленди.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Европалык укук коргоочулар Астанада активисттер менен жолукту

Европалык укук коргоочулар Астанада активисттер менен жолукту

18-июнда Италия сенатынын депутаты Роберто Тампи жана Италиянын Адам укуктары боюнча федерациясынын...

УКУК 2018-06-20  02:22

Арменияда коррупциялык иш боюнча генерал-депутат кармалды (ФОТО)

Арменияда коррупциялык иш боюнча генерал-депутат кармалды (ФОТО)

Генерал-лейтенант Манвел Григорян

19-июнда армян парламенти мурда бийликте турган Республика...

УКУК 2018-06-20  12:39

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча...

УКУК 2018-06-19  18:57

Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы...

УКУК 2018-06-18  15:31

Бишкек шаардык соту Исаковду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Исаковду камакта калтырды

13-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын...

УКУК 2018-06-14  15:03

Бишкекте казакстандык активистти колдогон пикет өттү

Бишкекте казакстандык активистти колдогон пикет өттү

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир ай...

УКУК 2018-06-13  15:49

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өттү

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өттү

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин...

УКУК 2018-06-13  16:01