KELECHEK

Гиннес рекорду үчүн даярдалган бешбармак 1464 килограммга жетти

Гиннес рекорду үчүн даярдалган бешбармак 1464 килограммга жетти

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди.

Иш-чараны уюштуруучулардын дагы бири Жамалбек Ырсалиев бул Гиннес китебинин мурдагы рекорддорунан ашып түшкөнүн, бардык талаптарды аткаруу менен даярдалган тамактар китепке киргизилет деп кабарлады.

Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында өткөн саамалыкка Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү да катышып жатканы кабарланган, бирок рекорд катталганы же катталбаганы кабарлана элек.

Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган.

Бул жолку Бишкекте бир тонналык бешбармак жана 110 метрлик чучук даярдалат деп айтылган.

Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.

Бешбармак - кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ӨКМ адам өмүрүн сактап калган жаранды сыйлады

ӨКМ адам өмүрүн сактап калган жаранды сыйлады

Үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот...

КООМ 2018-05-24  08:11

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы унаа тыгындары көп болчу Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине...

КООМ 2018-05-23  13:52

Рогун ГЭСин куруп жаткандарга орозо тутпоого уруксат берилди

Рогун ГЭСин куруп жаткандарга орозо тутпоого уруксат берилди

Рогун ГЭСинин куруучулары

Тажик дин кызматчылары Рогун ГЭСин куруп жаткан жумушчуларга орозо...

КООМ 2018-05-23  17:26

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУНА КИМ КАРШЫ? (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУНА КИМ КАРШЫ? (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында кечээ башталган жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулуш иштери бүгүн токтотулду. Буга...

КООМ 2018-05-23  18:01

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди “Баатыр Эне”...

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди “Баатыр Эне”...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнү майрамынын алдында...

КООМ 2018-05-20  17:56

Жалал-Абадда энелердин майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абадда энелердин майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат...

КООМ 2018-05-19  17:15

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)

Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Жалал-Абад шаарынын коопсуздугуна жана...

КООМ 2018-05-16  04:37